БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУ (БСУ): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУ БСУ; to БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУ (БСУ)) |
(Айырма жок)
|
09:44, 24 Декабрь (Бештин айы) 2024 -деги абалы
БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУ БСУ; (Wold Trade Organisation, WTO) – глобалдык деңгээлдеги эл аралык соода алакаларын жөнгө салган көп тармактуу экономикалык – соода уюму; эл аралык соодадагы бажы ж.б. салыктардын тарифтерин азайтуу максатында 1947-жылы түзүлгөн генералдык макулдашуунун уктарын улантуучу катары 1-январда уюшулган. Жайгашкан орду – Женева. 2006-жылы мүчө өлкөлөрдүн саны 147 болгон. Кыргызстан 1994-жылдан мүчө. БСУнун негизги максаты соода байланыштарын жөнгө салуунун көп тараптуу механизмин, өндүрүштүн өсүшүн, товар жана кызмат көрсөтүү соодаларын, сырьё булактарын натыйжалуу пайдалануунун, айлана-чөйрөнү коргоонун негизинде эл аралык сооданы эркин коё берүү болуп саналат. БСУнун жетекчи органдары – министрлер конференциясы (БСУнун жогорку органы, ар бир эки жылда шайланат), генералдык кеӊеш, талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча комитет, соода саясаты боюнча комитет.
М. Оморова.