БӨРҮБАЕВ Мурза-Али: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page БӨРҮБАЕВ to БӨРҮБАЕВ Мурза-Али) |
(Айырма жок)
|
05:47, 21 Май (Бугу) 2024 -деги абалы
БӨРҮБАЕВ Мурза-Али (19. 4. 1950, Ош облусу, Өзгөн району, Мырзаке айылы –24.4.2021, ошол эле жерде) – генерал-майор (2004). П. С. Рыбалко атындагы Ташкент командалык жогорку аскер окуу жайын (1972), РФтин Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын аскердик академиясын (2002) бүткөн. Взводдон ротанын командирине чейин командалык кызматтарда, 1986–88-жылдары танкалык батальондун командиринин орун басары-штабдын начальниги, 2001-жылы КРдин Коргоо министринин орун басары, 2002-жылы Коргоо министрлигинин аскерлеринин түштүк тобунун, 2004-жылы Түндүк тобунун командачысы, 2007-жылдан КРдин Коргоо министринин орун басары болуп иштеген. 3-даражадагы «Манас» ордени жана медалдар менен сыйланган.