ВАКУОЛДОР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВАКУОЛДОР ''' (фр. vacuole, лат. vacuus – боштук) – жаныбар жана өсүмдүк клеткасынын цитоплазмасындагы же бир клеткалуу организмдердеги суюктук же туздардын кристаллдары, эрибеген белоктор толгон көӊдөйчөлөр. Ал ''эндоплазма торчосунун'' негизинде пайда болуп, сыртынан липопротеин кабыкча – мембрана менен капталган. Бир катар көп клеткалуу омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, кээ бир моллюскалар) жана айрым бир клеткалууларда (жөнөкөйлөр) азык сиӊиргич | '''ВАКУОЛДОР ''' (фр. vacuole, лат. vacuus – боштук) – жаныбар жана өсүмдүк клеткасынын цитоплазмасындагы же бир клеткалуу организмдердеги суюктук же туздардын кристаллдары, эрибеген белоктор толгон көӊдөйчөлөр. Ал ''эндоплазма торчосунун'' негизинде пайда болуп, сыртынан липопротеин кабыкча – мембрана менен капталган. Бир катар көп клеткалуу омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, кээ бир моллюскалар) жана айрым бир клеткалууларда (жөнөкөйлөр) азык сиӊиргич вакуолдор болот. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда тамак сиӊиргич вакуолдор өзгөчө клетка – ''фагоциттерде'' жайгашат. Башка клеткалардын вакуолдорунда туз, фермент жана зат алмашуунун калдыктары болот. Көптөгөн бир клеткалуу организмдердеги жыйрылгыч вакуолдор негизинен осмос басымын жөнгө салуу жана бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Өсүмдүк вакуолдоруна түссүз же түстүү клетка ширеси (пигменттер) толуп, анда эриген заттар жана кээде белоктор клеткада осмосту жана тургорду камсыз кылат. Көпчүлүк сууда жашоочу фототроптуу жана хемотроптуу бактерияларда газ вакуолдор болот. Өтө жаш клеткада вакуолдор болбойт, болсо да байкалбайт, ал эми клетка өскөн сайын алар чоӊоёт жана клетканын түрдүү жеринде жаралып, акырында бир ири вакуолдорду түзөт. Вакуолдор клеткада суу – туз алмашууну, тургор басымын бир калыпта кармоо, зат алмашуунун уу заттарын бөлүп чыгаруу ж. б. функцияларды аткарат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
10:33, 18 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы
ВАКУОЛДОР (фр. vacuole, лат. vacuus – боштук) – жаныбар жана өсүмдүк клеткасынын цитоплазмасындагы же бир клеткалуу организмдердеги суюктук же туздардын кристаллдары, эрибеген белоктор толгон көӊдөйчөлөр. Ал эндоплазма торчосунун негизинде пайда болуп, сыртынан липопротеин кабыкча – мембрана менен капталган. Бир катар көп клеткалуу омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, кээ бир моллюскалар) жана айрым бир клеткалууларда (жөнөкөйлөр) азык сиӊиргич вакуолдор болот. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда тамак сиӊиргич вакуолдор өзгөчө клетка – фагоциттерде жайгашат. Башка клеткалардын вакуолдорунда туз, фермент жана зат алмашуунун калдыктары болот. Көптөгөн бир клеткалуу организмдердеги жыйрылгыч вакуолдор негизинен осмос басымын жөнгө салуу жана бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Өсүмдүк вакуолдоруна түссүз же түстүү клетка ширеси (пигменттер) толуп, анда эриген заттар жана кээде белоктор клеткада осмосту жана тургорду камсыз кылат. Көпчүлүк сууда жашоочу фототроптуу жана хемотроптуу бактерияларда газ вакуолдор болот. Өтө жаш клеткада вакуолдор болбойт, болсо да байкалбайт, ал эми клетка өскөн сайын алар чоӊоёт жана клетканын түрдүү жеринде жаралып, акырында бир ири вакуолдорду түзөт. Вакуолдор клеткада суу – туз алмашууну, тургор басымын бир калыпта кармоо, зат алмашуунун уу заттарын бөлүп чыгаруу ж. б. функцияларды аткарат.