ВАЛЬПУРГИЯ ТҮНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ВАЛЬПУ́РГИЯ ТҮНҮ ''' (1-майга караган түн) – орто кылымдардагы герман урууларынын мифологиясы. Немецтердин ырым-жырым түшүнүгү боюнча 30-апрелден 1-майга караган түнү ар тараптан жезкемпирлер Германиянын Броккен тоосундагы жексур Ибилиске жабырап учуп келишип, «жиндердин зор зоок оюнун» өткөрүшүп, жаздын келишине көптөгөн тоскоолдуктарды жасоого, адамдардын ден соолугун бузууга, малдарды зыянга учуратууга аябай далбас урушат имиш. Ошондуктан Вальпургия түнүн алдында айылдарда желмогуз-жез кемпирлердин магиясынын залалдуу кудуретин жоготуу үчүн бардык жерге алоолонгон оттор жагылып, коӊгуроолор заӊгырата кагылып, колдоруна жалбырттап күйгөн чоӊ көсөөлөрдү көтөрүп чыккан калктын жүрүш жасоосу сыяктуу магиялык жөрөлгөлөр өткөрүлгөн. Вальпургия түнү католиктер олуясы Вальпургияны эскерүү күнүнө дал келгендиктен, анын ысмы менен аталып калган. Вальпургия түнү адабий, музыкалык чыгармалардын кеӊири таралган сюжети болуп келет (И. В. Гётенин «Фауст», Ш. Гунонун аты окшош операсы, Г. Гейненин «Жол сүрөттөрү» ж. б.).  
'''ВАЛЬПУ́РГИЯ ТҮНҮ ''' (1-майга караган түн) – орто кылымдардагы герман урууларынын мифологиясы. Немецтердин ырым-жырым түшүнүгү боюнча 30-апрелден 1-майга караган түнү ар тараптан жезкемпирлер Германиянын Броккен тоосундагы жексур Ибилиске жабырап учуп келишип, «жиндердин зор зоок оюнун» өткөрүшүп, жаздын келишине көптөгөн тоскоолдуктарды жасоого, адамдардын ден соолугун бузууга, малдарды зыянга учуратууга аябай далбас урушат имиш. Ошондуктан Вальпургия түнүнүн алдында айылдарда желмогуз-жез кемпирлердин магиясынын залалдуу кудуретин жоготуу үчүн бардык жерге алоолонгон оттор жагылып, коӊгуроолор заӊгырата кагылып, колдоруна жалбырттап күйгөн чоӊ көсөөлөрдү көтөрүп чыккан калктын жүрүш жасоосу сыяктуу магиялык жөрөлгөлөр өткөрүлгөн. Вальпургия түнү католиктер олуясы Вальпургияны эскерүү күнүнө дал келгендиктен, анын ысмы менен аталып калган. Вальпургия түнү адабий, музыкалык чыгармалардын кеӊири таралган сюжети болуп келет (И. В. Гётенин «Фауст», Ш. Гунонун аты окшош операсы, Г. Гейненин «Жол сүрөттөрү» жана башкалар).  
[[Файл:Вальтургия.jpg|center|thumb]]
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:36, 6 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ВАЛЬПУ́РГИЯ ТҮНҮ (1-майга караган түн) – орто кылымдардагы герман урууларынын мифологиясы. Немецтердин ырым-жырым түшүнүгү боюнча 30-апрелден 1-майга караган түнү ар тараптан жезкемпирлер Германиянын Броккен тоосундагы жексур Ибилиске жабырап учуп келишип, «жиндердин зор зоок оюнун» өткөрүшүп, жаздын келишине көптөгөн тоскоолдуктарды жасоого, адамдардын ден соолугун бузууга, малдарды зыянга учуратууга аябай далбас урушат имиш. Ошондуктан Вальпургия түнүнүн алдында айылдарда желмогуз-жез кемпирлердин магиясынын залалдуу кудуретин жоготуу үчүн бардык жерге алоолонгон оттор жагылып, коӊгуроолор заӊгырата кагылып, колдоруна жалбырттап күйгөн чоӊ көсөөлөрдү көтөрүп чыккан калктын жүрүш жасоосу сыяктуу магиялык жөрөлгөлөр өткөрүлгөн. Вальпургия түнү католиктер олуясы Вальпургияны эскерүү күнүнө дал келгендиктен, анын ысмы менен аталып калган. Вальпургия түнү адабий, музыкалык чыгармалардын кеӊири таралган сюжети болуп келет (И. В. Гётенин «Фауст», Ш. Гунонун аты окшош операсы, Г. Гейненин «Жол сүрөттөрү» жана башкалар).