ВЕЙМАР РЕСПУБЛИКАСЫ (1919–33): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВЕ́ЙМАР РЕСПУБЛИКАСЫ (1919–33) – биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки Германия Респ-нын аталышы. 1918-ж. 9-ноябрда Берлинде Фридрих Эберт жетектеген респ-нын түзүлгөндүгү жарыяланган. Анын Уюштуруу чогулушунун биринчи заседаниеси Веймар ш-нда болуп өтүп, анда кабыл алынган конституциянын атынан аталган. Конституция б-ча Германия федерациялык, парламенттик демокр. респ. катары түзүлгөн. Ф. Эберт алгачкы президенти болуп шайланган (1919–25), аны Гинденбург алмаштырган (1925–34). Версаль тынчтык келишиминин (1919) оор шарттары В. Р-нын өнүгүшүнө тоскоолдук кылган. 1929-ж. башталган дүйнөлүк экон. кризистин натыйжасында түзүлгөн экон. оор абалга нааразы болгон Германия улуттук партиясынын финансы ж-а өнөр жай топтору Гитлердин нацисттик партиясы м-н биригип кеткен ж-а тоталитардык режимди, ал эми коммунисттер пролетариат диктатурасын орнотууну сунуш кылышкан. 1932-ж. парламенттик шайлоодо Улуттук-соц. партиясы 601 депутаттык орундун 230ун жеӊип алган. 1933-ж. президент Гинденбург Гитлерди канцлердик постко дайындоого мажбур болгон. 1933-ж. 28-февралда Гитлер өлкөдө өзгөчө кырдаал абалын киргизип, Гинденбург дүйнөдөн кайткан соӊ, 1934-ж. президенттик постту өзүнө ыйгарып алган ж-а «Үчүнчү рейхтин» түзүлгөндүгүн жарыялоо м-н, В. Р-нда демокр. түзүлүштү жойгон.