ГАЗИАБАД: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page ГАЗИАБАД – to ГАЗИАБАД)
 
(Айырма жок)

07:47, 9 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГАЗИАБА́Д – Индиянын түндүк бөлүгүндөгү шаар. Уттар-Прадеш штатында. Калкы 1,7 млн (2011). Ганг ж-а Жамна дарыяларынын аралыгында, Делиден 19 км чыгышта (анын агломерациясына кирет). Ири жолдор тоому. 1740-жылы вазир Гази-уд-Дин тарабынан негизделген. Институттар (технологиялык башкаруу, механика ж-а технология, кришнаит) бар. Химия (боёк, лак ж. б.), фармацевтика, металл иштетүү, текстиль (анын ичинде кооз кездемелер), полиграфия, тамак-аш (суу май), айнек, машина куруу (электр-техника буюмдары, темир жол вагондору, дизель кыймылдаткычы, велосипед ж. б.) өнөр жай ишканалары иштейт.