ГАМИЛЬТОН Канададагы шаар: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

08:36, 13 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГА́МИЛЬТОН – Канададагы порт шаар. Онтарио көлүнүн жээгинде, чек арага жакын жайгашкан. Калкы 579 миӊ (2011, шаар айланасы м-н). Ири өнөр жай ж-а маданий борбор. Жолдор тоому. Порт аркылуу 12 млн т жүк ташылган (2005). Эл аралык аэропорту бар. Кара металлургия (өлкөдөгү эритилген болоттун 50%ине жакыны), машина куруу, химия, тамак-аш өнөр жай ишканалары өнүккөн. Университет, сүрөт галереясы, музейлер бар. Король ботаникалык багы уюшулган.