ГАММА НУРЛАНУУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГА́ММА НУРЛАНУУ, ''' | '''ГА́ММА НУРЛАНУУ, ''' γ - н у р л а н у у – атомдун дүүлүккөн ядросунан бөлүнүп чыккан кыска толкундуу (λ<10–8 ''см'') ж-а чоӊ энергиялуу (10 ''кэВтон'' 5''МэВко'' чейинки) электр-магниттик нурлануу (фотон). Ал ''ядролук реакциялар'' учурунда бөлүнүп чыгат. ''Радиоактивдүү элементтердин'' ядролук бөлүнүшүндө пайда болгон α-, β-нурлары м-н катар мындай кыска толкундук электр-магниттик нурлануулар ү-нурлары деп аталат. ү-нурларын гана бөлүп чыгаруучу радиоактивдүү атомдор массалык саны, катар орду ж-а ядросунун заряды боюнча өзгөрбөйт. Себеби, ү-фотондору тынч абалдагы массага ж-а зарядга ээ эмес. Көпчүлүк учурда энергиясы 100 ''кэВ''тон ашкан ар кандай электр-магниттик нурланууларды (фотондорду), ошондой эле айрым элементардык бөлүкчөлөрдүн бөлүнүшүндө да пайда болгон фотондор ү-фотондор деп аталат. Гамма нурлануунун негизги мүнөздөөчүсү – анын энергия спектри. Атомдук ядро баштапкысынан аз энергиялуу экинчи абалга өткөндө, энергиясы эки абалдагы энергиянын айырмасына барабар болгон ү-квантты нурландырат. Ядронун ар бир абалына белгилүү энергия туура келгендиктен, ядролук гамма нурлануу сызыктуу спектрге ээ. Ү-нурларынын зат аркылуу өтүү жөндөмдүүлүгү анын энергиясына ж-а заттын табиятына жараша болот. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
07:44, 16 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГА́ММА НУРЛАНУУ, γ - н у р л а н у у – атомдун дүүлүккөн ядросунан бөлүнүп чыккан кыска толкундуу (λ<10–8 см) ж-а чоӊ энергиялуу (10 кэВтон 5МэВко чейинки) электр-магниттик нурлануу (фотон). Ал ядролук реакциялар учурунда бөлүнүп чыгат. Радиоактивдүү элементтердин ядролук бөлүнүшүндө пайда болгон α-, β-нурлары м-н катар мындай кыска толкундук электр-магниттик нурлануулар ү-нурлары деп аталат. ү-нурларын гана бөлүп чыгаруучу радиоактивдүү атомдор массалык саны, катар орду ж-а ядросунун заряды боюнча өзгөрбөйт. Себеби, ү-фотондору тынч абалдагы массага ж-а зарядга ээ эмес. Көпчүлүк учурда энергиясы 100 кэВтон ашкан ар кандай электр-магниттик нурланууларды (фотондорду), ошондой эле айрым элементардык бөлүкчөлөрдүн бөлүнүшүндө да пайда болгон фотондор ү-фотондор деп аталат. Гамма нурлануунун негизги мүнөздөөчүсү – анын энергия спектри. Атомдук ядро баштапкысынан аз энергиялуу экинчи абалга өткөндө, энергиясы эки абалдагы энергиянын айырмасына барабар болгон ү-квантты нурландырат. Ядронун ар бир абалына белгилүү энергия туура келгендиктен, ядролук гамма нурлануу сызыктуу спектрге ээ. Ү-нурларынын зат аркылуу өтүү жөндөмдүүлүгү анын энергиясына ж-а заттын табиятына жараша болот.