ГАНДИ Индира: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page ГАНДИ 1 to ГАНДИ Индира)
(Айырма жок)

07:23, 14 Август (Баш оона) 2024 -деги абалы

ГА́НДИ Индира (19. 11. 1917, Индия, Аллахабад – 31. 10. 1984, Индия, Дели шаары) – Индиянын мамлекеттик ж-а саясий ишмери. Ж. Нерунун кызы. Швейцария, Англия (Оксфорд университетин) ж-а Индияда билим алган. 1938-жылы Индиянын улуттук конгресс (ИУК) партиясына кирип, колониялык үстөмдүккө каршы жигердүү күрөшкөн, бир нече жолу жазага тартылган. Индия өз алдынчалыкка жетишкенде (1947) ИУКта жооптуу кызматтарды аткарган. 1959–60-жылдары ИУКтун төрайымы, 1964-жылдан Л. Б. Шастринин өкмөтүнүн Маалымат ж-а радио уктуруу министри, Улуттук корго-

нуу советинин мүчөсү (1964-жыл, июль). 1966–77-жылдары Индиянын премьер-министри. 1967–77-жылдары Премьер-министрлик кызмат м-н кошо атом энергиясы ж-а тышкы иштер министри, Пландоо комиссиясынын төрайымы болгон. 1969–70-жылдары реакциянын каршылыгына карабастан, 14 ири банкты мамлекеттештирген. 1977-жылы шайлоодо жеӊилгенден кийин, ИУКтун төрайымдыгынан ж-а премьер-министрликтен кеткен. 1980-жылы кайрадан премьер-министр болгон. 1984-жылы сикх диний уюмунун мүчөлөрү болгон өзүнүн жеке сакчылары тарабынан өлтүрүлгөн. Тышкы саясатта Ганди АКШнын Вьетнамга, Израилдин араб өлкөлөрүнө жасаган агрессияларын айыптап чыккан, анын тушунда Индиянын Пакистандын ички иштерине кийлигишүсү жаӊы мамлекет – Бангладештин пайда болушуна (1971) алып келген. Ички саясатта атасы Ж. Нерунун саясатынын негизги принциптерин – Индиянын бир да согуш блокторуна кошулбоо, тынчтыкты ж-а эл аралык кызматташтыкты колдоо, улуттук (мамлекеттик) экономиканын негиздерин пландуу өнүктүрүү саясатын уланткан.