ВАЛЁР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

(фр. valeur – баа, баалуулук) – көркөм практикада – живописте ж-а графикада тондун жарык м-н көлөкөнүн белгилүү бир катышын (башка түстөр м-н өз ара байланышта) чагылдыруучу түсү. Реалисттик живописте предметтик дүйнөнүн материалдык касиеттери негизинен объективдүү мыйзамченемдүүлүктөгү түстүк мамилелер аркылуу берилет. Предметтин түстүүлүгүн, пластикасын, материалдуулугун белгилүү бир жарык кылынган кырдаалда жандуу чагылдыруу үчүн сүрөтчү түстөрдүн өз ара катышында чоӊ көркөмдүк м-н тактыкка жетишиши керек. Ачык, көрүнүктүү живописти жаратуучу түстөрдүн өзара катышы м-н бир түрдөн экинчи түргө өтүүдөгү чебер кылдаттык В-дун негизги белгилеринен болуп эсептелет. 17–19-к-дын ири сүрөт чеберлери Веласкес, Шарден, Рембрандт, Репиндин сүрөттөрү В-го бай.