ГАСТРОСКОПИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

07:31, 15 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГАСТРОСКОПИ́Я ( гастро... ж-а ...скопия) – ооз ж-а кызыл өӊгөч аркылуу киргизилүүчү атайын аспап – гастроскоптун жардамы м-н карын көӊдөйүн көрүп изилдөө ыкмасы. Ал карындагы патологиялык процесстерди (жара, эрозия, сезгенүү, шишик) аныктоо максатында жүргүзүлөт. Гастроскоп ичинде көптөгөн кыска фокстуу линза ж-а электр лампочкасы бар ийкемдүү түтүктөн туруп, карынга оӊой ж-а коркунучсуз киргизилет. Гастроскопиядан мурда кызыл өӊгөч м-н карынга рентгенологиялык изилдөө жүргүзүлөт.