ГАФНИЙ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГА́ФНИЙ ''' (лат. Hafnium), Hf – ''элементтердин мезгилдик системасынын'' IV тобунда жайгашкан химиялык элемент. Катар номери 72, атомдук массасы 178,49. Табиятта массалык сандары 174, 176–180 болгон 6 туруктуу изотобу бар. 1923-жылы Нидерланд окумуштуусу Д. Костер ж-а венгр окумуштуусу Г. Хевеши ачышкан. Жер кыртышында массасы боюнча 3,2 . 10–4%ти түзөт. Күмүш түстүү ак металл; тыгыздыгы 13,09 ''г/см''<sup>3</sup>, | '''ГА́ФНИЙ ''' (лат. Hafnium), Hf – ''элементтердин мезгилдик системасынын'' IV тобунда жайгашкан химиялык элемент. Катар номери 72, атомдук массасы 178,49. Табиятта массалык сандары 174, 176–180 болгон 6 туруктуу изотобу бар. 1923-жылы Нидерланд окумуштуусу Д. Костер ж-а венгр окумуштуусу Г. Хевеши ачышкан. Жер кыртышында массасы боюнча 3,2 . 10–4%ти түзөт. Күмүш түстүү ак металл; тыгыздыгы 13,09 ''г/см''<sup>3</sup>, балкып эрүү ''t'' 2232°C, кайноо ''t'' 4620°C. Химиялык касиети боюнча ''цирконийге'' өтө окшош. Негизги окистенү даражасы +4, чанда +3, +2, +1. Жогорку температурада ''азот, көмүртек, бор, кремний'' м-н аракеттенип, металл сымал катуу, кыйындык м-н эрий турган, химиялык реагенттерге өтө туруктуу бирикмелерди HfN, HfS, HfSi, HfC, ж. б. пайда кылат. Абада окистенүүдөн сырткы бети жука кабыкча м-н капталат. Кычкылтек м-н ысытуудан Гафний оксиди HfO<sub>2</sub> пайда болот. ''Галогендер'' м-н ысытканда HfCl<sub>4</sub>, HfF<sub>4</sub> сыяктуу бирикмелерди берет. Ал цирконий минералдарынан ж-а гафний хлоридин HfCl<sub>4 </sub>калыбына келтирүдөн алынат. Гафнийдин ''тантал'' ж-а ''вольфрам'' м-н болгон куймасы абсолюттук нөлгө жакын температурада да, 2000°С темппературага да чыдамдуу. Ошондуктан ядро энергетикасында, электрондук техникада, авиацияда, ракеталардын ж-а реактивдү кыймылдаткычтардын тетиктерин жасоодо колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
10:14, 16 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ГА́ФНИЙ (лат. Hafnium), Hf – элементтердин мезгилдик системасынын IV тобунда жайгашкан химиялык элемент. Катар номери 72, атомдук массасы 178,49. Табиятта массалык сандары 174, 176–180 болгон 6 туруктуу изотобу бар. 1923-жылы Нидерланд окумуштуусу Д. Костер ж-а венгр окумуштуусу Г. Хевеши ачышкан. Жер кыртышында массасы боюнча 3,2 . 10–4%ти түзөт. Күмүш түстүү ак металл; тыгыздыгы 13,09 г/см3, балкып эрүү t 2232°C, кайноо t 4620°C. Химиялык касиети боюнча цирконийге өтө окшош. Негизги окистенү даражасы +4, чанда +3, +2, +1. Жогорку температурада азот, көмүртек, бор, кремний м-н аракеттенип, металл сымал катуу, кыйындык м-н эрий турган, химиялык реагенттерге өтө туруктуу бирикмелерди HfN, HfS, HfSi, HfC, ж. б. пайда кылат. Абада окистенүүдөн сырткы бети жука кабыкча м-н капталат. Кычкылтек м-н ысытуудан Гафний оксиди HfO2 пайда болот. Галогендер м-н ысытканда HfCl4, HfF4 сыяктуу бирикмелерди берет. Ал цирконий минералдарынан ж-а гафний хлоридин HfCl4 калыбына келтирүдөн алынат. Гафнийдин тантал ж-а вольфрам м-н болгон куймасы абсолюттук нөлгө жакын температурада да, 2000°С темппературага да чыдамдуу. Ошондуктан ядро энергетикасында, электрондук техникада, авиацияда, ракеталардын ж-а реактивдү кыймылдаткычтардын тетиктерин жасоодо колдонулат.