ВЕНЕЦИАНОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВЕНЕЦИА́НОВ Алексей Гаврилович [7(18).2.1780, Москва – 4(16).12.1847, Тверь губерниясы, Поддубье кыш.] – орус сүрөтчүсү; орус живописиндеги турмуштук жанрга негиз салуучулардын бири, педагог, Петербург көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1811). Алгачкы мезгилде лирикалык портреттерди, 1812-жылдагы дүйнөлүк согуш учурунда француз ж-а галломан дворяндарынын карикатураларын, кыштак турмушунан сценаларды, дыйкандардын портрет-

А. Г. Венецианов. «Карта менен төлгө салуу». 1845. Орус музейи (Санкт-Петербург). терин тарткан («Кызылча тазалоо», 1822; «Помещик аялдын таӊы», 1823–24; «Кош айдоо. Жаз», 1820; «Орок оруу. Жай», 1820; «Карыя дыйкандын башы», 1825, ж. б.). В. өз чыг-лыгында чындыкты чагылдырууга умтулган. Анын өнөрканаларында «түп нускалардан» көчүрүшкөн ж-а гипстен тартышкан. В. окуучуларын академиялык класстарда бекер окуткан. 70ке жакын живописчилерди, б. а. венециановчуларды тарбиялаган.