ГЕНЕТИКА ИНЖЕНЕРИЯСЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ГЕНЕТИКА ИНЖЕНЕРИЯСЫ, ́ТИКА ИНЖЕНЕРИЯСЫ, ''' г е н и н ж е н е р и я с ы – молекулалык генетиканын бөлүмү; клетка ээсинде көбөйүп, керектүү заттарды (белокту) синтездөөгө жөндөмдүү, ген материалдын тирүү эмес шартта, максатка ылайык жаӊы комбинацияларын алуу. Генетика инженериясы 1972-жылы Америкада П. Бергдин лабораториясында биринчи жолу рекомбинациялык ДНК (рекДНК) алынгандан баштап өнүгө баштаган. Организмден сырткары шартта рекДНКны түзүүдө ферменттердин (реструктазалар, лигазалар) мааниси чоӊ. Ал ферменттер алынгандан кийин гана жасалма генетикалык материалдарды техникалык жактан иш-аракетке киргизүү мүмкүн болду. РекДНКнын молекуласы шакекче формада болуп, максатка ылайык генди же гендерди ж-а рекДНКнын көбөйүшүн ж-а белок синтезин камсыз кылуучу ДНК бөлүгүн камтып турат. Көбүнчө ичеги таякчасы ж-а башка бактериялардан алынган вектор рекДНКга функциялык касиетти берет, анткени анда ''репликацияны'' (рекДНКнын көбөйүшүн камсыз кылуучу), гендердин ''транскрипциясын'' ж-а ''трансляциясын'' башкаруучу бөлүктөр бар. Генетика инженериясынын жетишкендиктерине байланыштуу көп гендердин клондору алынды. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
04:55, 22 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ГЕНЕТИКА ИНЖЕНЕРИЯСЫ, ́ТИКА ИНЖЕНЕРИЯСЫ, г е н и н ж е н е р и я с ы – молекулалык генетиканын бөлүмү; клетка ээсинде көбөйүп, керектүү заттарды (белокту) синтездөөгө жөндөмдүү, ген материалдын тирүү эмес шартта, максатка ылайык жаӊы комбинацияларын алуу. Генетика инженериясы 1972-жылы Америкада П. Бергдин лабораториясында биринчи жолу рекомбинациялык ДНК (рекДНК) алынгандан баштап өнүгө баштаган. Организмден сырткары шартта рекДНКны түзүүдө ферменттердин (реструктазалар, лигазалар) мааниси чоӊ. Ал ферменттер алынгандан кийин гана жасалма генетикалык материалдарды техникалык жактан иш-аракетке киргизүү мүмкүн болду. РекДНКнын молекуласы шакекче формада болуп, максатка ылайык генди же гендерди ж-а рекДНКнын көбөйүшүн ж-а белок синтезин камсыз кылуучу ДНК бөлүгүн камтып турат. Көбүнчө ичеги таякчасы ж-а башка бактериялардан алынган вектор рекДНКга функциялык касиетти берет, анткени анда репликацияны (рекДНКнын көбөйүшүн камсыз кылуучу), гендердин транскрипциясын ж-а трансляциясын башкаруучу бөлүктөр бар. Генетика инженериясынын жетишкендиктерине байланыштуу көп гендердин клондору алынды.