ВЕРБЕНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВЕРБЕ́НА – вербеналар тукумундагы бир ж-а көп жылдык өсүмдүк. Жалбырагы үч бурчтуу келип, карама-каршы жайгашат, бийикт. 30–100 см. 30–60 гүл ачат, кеч күзгө чейин гүлдөйт. 20дан ашык түрү бар. Американын тропик ж-а субтропигинде көп тараган. КМШ өлкөлөрүнүн түштүгүндө 4 түрү, Кавказда, О. Азияда дарылык В. өсөт. Мурда дары катары колдонулган. Дары В-ны бадыраӊ туздаганда кошсо, анын даамы, жыты жакшырат. Анын гибрид формалары м-н сорттору 1 жылдык кооз өсүмдүк катары эгилет. Кырг-нда гүлзарда өстүрүлөт.