ГЕОТЕРМДИК БАСКЫЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

03:58, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

ГЕОТЕРМДИК БАСКЫЧ – жер кыртышындагы тоо тектердин температурасынын туруктуу деӊгээлден баштап, тереӊдеген сайын 1°С жогорулаган аралык (м). Геотермдик баскыч чоӊдугу, жер кыртышындагы ар башка жерлер м-н ар башка тереӊдиктерде 5 мден 150 мге чейин өзгөрөт. Орточо чоӊдугу 33 мге барабар кабыл алынып, ал чөкмө тектердеги нормалдуу жылуулук агымды мүнөздөйт. Өтө тереӊдиктерде басым чоӊойгон сайын жылуулук өткөргүчтүктүн да жогорулашына байланыштуу температуранын өсүшү же басаӊдашы болжолдонот.