ГОМОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page ГОМОЛОГИЯ ( to ГОМОЛОГИЯ)
(Айырма жок)

03:28, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -деги абалы

ГОМОЛО́ГИЯ ( гомо... ж-а ...логия) п р о е к ц и я л ы к г е о м е т р и я д а – проекциялык тегиздикти өз ара бир маанилүү проекцияга өзгөртүп түзүү; мында Гомология огу кыймылсыз бойдон калат. Гомологияда теӊдеш өзгөртүп түзүү болуп эсептелбеген бардык тиешелүү чекиттерди туташты

руучу түз сызыктар (А ж-а А􀁣, В ж-а В􀁣) Гомологиянын борбору болгон S чекитинде, ал эми тиешелүү түз сызыктар (АВ ж-а А􀁣В􀁣) Гомология огунда кесилишет. Эгерде S борбору Гомология огунда жатпаса, анда Гомология өзгөчө эмес (гиперболалык); Гомология огунда жатса, анда өзгөчө (параболалык) деп аталат (к. сүрөт). Гомология адатта S борбору, огу ж-а дал келүүчү А, А􀁣эки чекити м-н берилет. Гомология өздүк (чектүү) борбору ж-а өздүк эмес (чексиз алыстатылган) огу м-н берилсе гомотетия, өздүк эмес борбору ж-а өздүк огу м-н берилсе параллель которуу болот. Тегиздикти ар кандай проекциялык өзгөртүп түзүү эки өзгөртүп түзүүнүн – Гомологиянын ж-а жылдыруунун көбөйтүндүсү болот. Гомология т о п о л о г и я д а – көптүктөрдү чектөө жөнүндөгү элестетилген көз карашты формалдаштыруу.