ГРЕКИЯ Республикасы: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
28 сап: | 28 сап: | ||
Б. з. ч. 3-миӊ жылдыкта азыркы Грекиянын аймагында өнүккөн цивилизация пайда болгон (к. ''Грекия'' Байыркы). 395-жылы Г. Византия империясынын курамына кирген (к. ''Византия''). 15-кылымда Грекияны Осмон империясы басып алган (1453–1821). 1453-жылы Константинополь шаарын түрктөр ээлеген. Грекия Румелия вилайетинин курамына кирип, түрк башкаруучулары тарабынан башкарылган. Түрктөргө каршы гректер бир нече жолу көтөрүлүшкө чыккан (1571-,1611-жылдар ж. б.). 1822-жылы Грекиянын Улуттук чогулушу алгачкы конституциясын кабыл алат. 1827-жылы апрелде Грекиянын Улуттук чогулушу И. Каподистрияны президент кылып шайлайт. 1821–29-жылдары улуттук-боштондук революциясынын натыйжасында, Лондон конференциясынын чечими м-н 1830-жылы 3-февралда Грекия көз каранды эмес мамлекет болуп жарыяланып, монархиялык башкаруу киргизилет. 18-кылымдын 2-жарымында Грекияда капиталисттик мамилелер өнүгө баштайт. | Б. з. ч. 3-миӊ жылдыкта азыркы Грекиянын аймагында өнүккөн цивилизация пайда болгон (к. ''Грекия'' Байыркы). 395-жылы Г. Византия империясынын курамына кирген (к. ''Византия''). 15-кылымда Грекияны Осмон империясы басып алган (1453–1821). 1453-жылы Константинополь шаарын түрктөр ээлеген. Грекия Румелия вилайетинин курамына кирип, түрк башкаруучулары тарабынан башкарылган. Түрктөргө каршы гректер бир нече жолу көтөрүлүшкө чыккан (1571-,1611-жылдар ж. б.). 1822-жылы Грекиянын Улуттук чогулушу алгачкы конституциясын кабыл алат. 1827-жылы апрелде Грекиянын Улуттук чогулушу И. Каподистрияны президент кылып шайлайт. 1821–29-жылдары улуттук-боштондук революциясынын натыйжасында, Лондон конференциясынын чечими м-н 1830-жылы 3-февралда Грекия көз каранды эмес мамлекет болуп жарыяланып, монархиялык башкаруу киргизилет. 18-кылымдын 2-жарымында Грекияда капиталисттик мамилелер өнүгө баштайт. | ||
[[File:ГРЕКИЯ13.png | thumb | none]] | [[File:ГРЕКИЯ13.png | thumb | none]] | ||
1912- | 1912-жылы Грекия Балкан союзун түзүүгө, 1912–13-жылдарда Балкан согуштарына, 1917-жылы 29-июнда (Антанта тарабында) 1-дүйнөлүк согушка (1914–18) катышат. Согуш Грекияны экономикалыке кыйроосуна, финансылык кризиске ж-а ачарчылыкка алып келген. 1924-жылы 25-мартта уюштуруу Улуттук чогулушу Грекияны республика деп жарыялайт. 1935-жылы Грекияда монархия калыбына келтирилген. 1936-жылы 4-августта Грекияда генерал И. Метаксастын аскердик-фашисттик диктатурасы орнойт. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышында Грекия бейтарап абалда турган. 1940-жылы 28-октябрда фашисттик Италиянын аскерлери Грекиянын аймагын басып кирип, 14-ноябрдан кийин Грекия армиясы тарабынан куулуп чыгарылат. 1941-жылы 6-апрелде Грекияга фашисттик Германиянын аскерлери кирип, 2-июнда бүткүл өлкөнү басып алат. Король Георг II өлкөдөн качып кеткен. 1941-жылы 28-майда «Улуттук тилектештик» деп аталган алгачкы каршылык көрсөтүү кыймылы, Грекиянын коммунисттик партиясынын демилгеси боюнча 1941-жылы 27-сентябрда Улуттук-боштондук фронту түзүлөт. 1941-жылы декабрда партизандык отряддар Элдик-боштондук армиясына (ЭЛАС) айланган. 1943-жылы күзүндө Грекиянын аймагынын 1/3 бөлүгү ЭЛАС тарабынан оккупанттардан бошотулуп, ал жерлерде элдик демократиялык бийлик кайрадан орнотулат. 1944-жылы 10-мартта иш жүзүндө убактылуу демократиялык өкмөттүн функциясын аткарган Улуттук-боштондуктун Саясий комитети түзүлөт. 1944-жылы майда түзүлгөн «улут биримдигинин» өкмөтү антифашисттик кыймылды жазалоо үчүн англиялык аскерлерди Грекияга чакырат. 1944-жылы октябрда өкмөт эмиграциядан Афиныга кайтып келет. 5-декабрда англиялык аскерлер ЭЛАСка каршы чабуулга өтөт. 1946-жылы мартта парламенттик шайлоо жана жалпы элдик добуш берүү (1946-жылы 1-сентябрь) өтүп, натыйжада Грекияда монархия калыбына келтирилген. Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө 400 миӊден ашык гректер курман болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Грекиянын экономикасы ''Маршаллдын планы'' боюнча калыбына келтирилген. 1952-жылы Грекия НАТОго мүчө болуп кирген. «Жалпы рынокко» кошулуу (1962) өлкөнүн экономикасынын андан ары өнүгүүсүнө шарт түзгөн. 1963-жылы 22-майда Бирдиктүү демократиялык солчул партиядан (ЭДА) парламенттин депутаты Г. Ламбракис өлтүрүлгөндөн кийин Улуттук радикалдык союздун (ЭРЭ) өкмөтү отставкага кетүүгө аргасыз болот. 1963-жылы ноябрда бийликке Г. Папандреу башында турган Борбордук союз партиясы (1961-жылы негизделген) келет. Бир катар жалпы демократиялык чараларды жүзөгө ашырып, ЭРЭ партиясы м-н макулдашууга багыт алган Папандреунун өкмөтү 1965-жылы 15-июлда королдун кысымынан отставкага чыккан. 1965-жылы 27-июлда Грекияда конституциялык эркиндикти калыбына келтирүү талабын койгон 320 миӊ эмгекчи катышкан иш таштоо болгон, 1965-жылы иш таштоолорго 1 млндон ашык адам катышкан. 1967-жылы 21-апрелде мамлекеттик төӊкөрүштүн натыйжасында аскердик диктатура орнотулган. Конституция жоюлуп, бардык демократиялык партиялар ж-а уюмдар таркатылган. 1967-жылы декабрда король Константин төӊкөрүш жасоого аракеттенип, бирок анысы оӊунан чыкпай, Италияга качып кетет. Грекиянын премьер-министрлигине аскердик хунтанын башчысы полковник Г. Пападопулос келет. 1968-жылы сентябрда аскердик диктатуранын тартибин мыйзамдаштырууга тийиш болгон жаӊы конституциянын долбоору боюнча референдум өткөрүлүп, шайлоочулардын 7,76% долбоорго каршы добуш берип, 22,5% референдумга бойкот жарыялаган. 1973-жылы 1-июнда Грекиянын өкмөтү монархияны жоюу ж-а президенттик-парламенттик республиканы жарыялоо жөнүндө билдирди. 1973-жылы июнда 1968-жылдагы конституцияны өзгөртүү жөнүндө указ жарыяланган, ага ылайык президент Пападопулос аткаруу ж-а закон чыгаруу бийлиги жаатында кеӊири ыйгарым укуктарды алды. 1973-жылы 29-июлда конституциялык өзгөрүүлөр шайлоочуларга тикеден тике кысым көрсөтүү кырдаалында өткөрүлгөн референдумда бекитилген. Пападопулос өзү орноткон режимге болгон кысымды жеӊилдетүү максатында прогрессчилердин лидери С. Маркезинис жетектеген граждандык өкмөттү (1973-жылы октябрь) түзгөн. Бирок Пападопулос ишке ашырган өзгөртүүлөр кырдаалды турукташтыра албады. 1973-жылы ноябрда Афиныда ж-а Грекиянын башка шаарларында жумушчу табы ж-а интеллигенция колдогон студенттердин массалык чыгуулары болуп өттү. Бийликтегилер бул нааразылыкты ырайымсыздык м-н басышты. 1973-жылы 17-ноябрда Грекияда абал кайрадан оордойт, 25-ноябрда Грекияда аскер төбөлдөрү төӊкөрүш жасап, натыйжада генерал Ф. Гизикис Грекиянын президенти болуп калат. Бул аскердик жаӊы диктатура 1974-жылы 15-июлда Кипрде козголоӊ чыгарып, муну м-н өз беделин биротоло түшүрөт. Кипрдеги авантюра Грекиядагы аскердик диктатура режиминин кулашына алып келген. 1974-жылы 24-июлда Грекияда бийликке К. Караманлистин граждандык өкмөтү келет. Өкмөт саясий мунапыс жарыялап, Юра аралындагы концлагерди жойду, Грекиянын НАТОнун согуштук уюмунан чыгышы тууралуу жарыялаган. 1974-жылы 17-ноябрда Грекияда парламенттик шайлоо болуп өткөн. Добуштардын көпчүлүгүн (54,37%, парламентте 220 орун) Жаӊы демократия партиясы (1974-жылы негизделген, лидери Караманлис) алды. Бириккен солчулдар блогу (Грекия КП ж-а ЭДА) добуштардын 9,45%ин (парламентте 8 орун) алды. 1974-жылы 8-декабрда өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшү жөнүндө маселе боюнча референдум өткөрүлгөн. Грекияда республикалык түзүлүштү орнотуу үчүн шайлоочулардын 69,3% добуш берип, монархия жоюлуп, Грекия республика деп жарыяланган. Өлкөдө демократиялык институттар калыбына келтирилип, жаӊы конституция (1975) кабыл алынган. 1992-жылы Грекия Европа союзуна мүчө болуп кирген. | ||
'''Экономикасы.''' Г. – индустриялуу агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 294,3 млрд долларды (АКШ) түзөт, аны киши башына бөлүштүргөндө 24,5 доллардан туура келет. ИДПдеги өнөр жайдын үлүшү 16,2%, айыл чарбаныкы 14,9%. Көмүр, боксит, пирит, никель, магнезит казып алынат. Каксос аралында дүйнөдөгү эӊ ири наждак кени бар. 1994-жылы 40,6 млрд ''кВт•с'' электр энергиясы өндүрүлгөн. Негизинен ЖЭСтен өндүрүлөт. Кара ж-а түстүү металлургия, машина куруу, химия, нефть ажыратуу, цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Жеӊил ж-а тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн. Айыл чарбасында дыйканчылык басымдуу.[[File:ГРЕКИЯ14.png | thumb | Грекия акчасы.]] | |||
Г. – индустриялуу | |||
[[File:ГРЕКИЯ14.png | thumb | Грекия акчасы.]] | |||
Дан эгиндери (негизинен буудай), кант кызылча, пахта, тамеки, тоо этектеринде жүзүм, субтропик жемиштери өстүрүлөт. Өлкө ички керектөөлөрүн толугу м-н (эт м-н сүттөн башкасын) камсыз кылат. Балык кармалат. Темир жолунун жалпы | Дан эгиндери (негизинен буудай), кант кызылча, пахта, тамеки, тоо этектеринде жүзүм, субтропик жемиштери өстүрүлөт. Өлкө ички керектөөлөрүн толугу м-н (эт м-н сүттөн башкасын) камсыз кылат. Балык кармалат. Темир жолунун жалпы узундугу 2 577 ''км'', автомобилдики 116 000 ''км'' (анын ичинен 25 000 ''км''и асфальтталган). Экономикада дагы бир өнүккөн тармагы кемечилик, 2 579 кеменин 984 кемеси башка өлкөлөрдүн желеги астында сүзөт. Деӊиз соода флотунун тоннажы 30,5 млн т дедвейт. Башкы порттору: Салоники, Пирей, Элефсис. Сыртка айыл чарба продуктуларын, текстиль, боксит, никель, марганец, тамеки, кишмиш, зайтун жемиш майы, цитрус өсүмдүктөрү, пахта чыгарылат. Сырттан нефть, машина ж-а анын жабдууларын, минералдык сырьё, азык-түлүк ж-а күндөлүк керектелүүчү товарларды алат. Туризм өнүккөн (жылына 10 млн турист). Негизги соода шериктештери: Германия, Италия, Франция, Улуу Британия, АКШ, Сауд Арабиясы. | ||
'''Маданияты.''' Башталгыч билим берүү жөнүндөгү биринчи мыйзам 1834-жылы кабыл алынган. Бешик үйү (ясли), бала бакчалары иштейт. Грекияда 1964-жылы 9 жылдык акысыз билим берүү киргизилген. Орто мектепте 12 жыл окушат. Өлкөдө 17 ЖОЖ (анын ичинен 6 университет) бар; ирилери: Афины, Салоники университеттери, Афины политехникалык институту ж. б. Ошондой эле ири китепканалар, музейлер иштейт. «Акрополис», «Вима», «Неа», «Эстия», «Авги» ж. б. ири гезиттер чыгат. Расмий информациялык агентчилиги 1895-жылы Афиныда, радиоуктуруусу 1938-жылы негизделген. Улуттук радиоуктуруу станциялары ж-а телекөрсөтүү корпорациясы бар. Грекия – байыркы маданияттын өлкөсү. Археологиялык ж-а Эллада мезгилинин архитектуралык эстеликтери м-н бүткүл дүйнөгө таанымал. Алар: Афины Акрополу, Дельфы, Коринф, Микены, Эпидавр, Олимпия. Жаӊы доордун архитектурасы Афины шаарын куруу планы түзүлгөндөн кийин (1830-жылдан) өнүгө баштаган. Грекияда архитектор С. Клеантис, Л. Кавтадзоглу турак үйлөрдүн жаӊы тибин классикалык пропорция боюнча иштеп чыгышкан. 1920-жылдарда айрыкча порттуу шаарлар (Афины, Салоники ж. б.) кеӊейген: балкон-лоджиялуу турак үйлөр курула баштаган (архитектор К. Кицикис). Архитектурага 20–30-жылдарда функционализм м-н классицизм таасир эткен. 50–60-жылдарда Афиныда курулуш күчөп, 19-кылымдын салтындагы үйлөрдүн ордуна көп кабат имараттар, мейманканалар ж-а музейлер салынган. Жаӊы доордун сүрөт өнөрү 19-кылымда граждандык темада иштеген портретчилердин салтында өнүккөн. Алдыӊкы живописчилер Мюнхен академизминин ыкмаларын колдонуп, элдик, улуттук темаларды (Н. Литрас, Н. Гизис) өздөштүрүшкөн. 20-кылымдын ортосунда Грекия искусствосунда түрдүү багыттар пайда болгон. 60-жылдары модернисттик агым түзүлүп, кеӊири тараган. Грекиянын улуттук профессионал музыкасы 19-кылымдын 30-жылдарында калыптана баштаган. Н. Мандзарос «Азат гимни» (сөзү Д. Соломостуку) музыкасын жазып, анын фрагменти 1865-жылы улуттук гимн болуп бекитилген. Туӊгуч композитор С. Самарас Грекиянын Олимпия оюндарынын гимнин жазган (1896-жылы 1-жолу Афиныда аткарылган). Грекиянын улуттук жаӊы музыкалык мектебинин негиз салуучуларынын бири М. Каломирис Афиныда Грек ж-а Улуттук консерваторияны уюштуруп, бир нече опера м-н симфониялык чыгармалар жараткан. Грек музыкалык мектебине негиз салгандарга М. Варвоглис, Г. Ламбелет, Э. Риадис ж. б. кирет. 1920–30-жылдарда А. Незеритис, Т. Кариотакис, 1940–50-жылдарда М. Хадзидакис, М. Теодоракис, А. Паридис, М. Каллас ж. б. композитор, дирижёр, ырчылар өсүп чыккан. 60-жылдарда – Я. Глезос, С. Ксарханос, Х. Леонидис, М. Лоизос, Я. Маркопулос ж. б-дын ырлары Грекиянын өзүндө гана эмес, чет өлкөлөргө да белгилүү болгон. Музыкалык аспаптары: лира, флейта, бузуки, мандолина, скрипка ж. б. Грекияда Улуттук опера театры, 5 симфонниялык '''оркестри'''[[File:ГРЕКИЯ15.png | thumb | Эрехтейон храмы, кариатида портиктери менен.]] | |||
. Башталгыч билим берүү | |||
[[File:ГРЕКИЯ15.png | thumb | Эрехтейон храмы, кариатида портиктери менен.]] | |||
[[File:ГРЕКИЯ16.png | thumb | Канони тумшугундагы Влахерн монастыры.]] | [[File:ГРЕКИЯ16.png | thumb | Канони тумшугундагы Влахерн монастыры.]] |
04:13, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -деги абалы
ГРЕ́КИЯ , Г р е к и я Р е с п у б л и к а с ы – Түштүк Европадагы мамлекет. Балкан жарым аралынын түштүк бөлүгүнөн ж-а ага жакын жаткан аралдардан (100дөн ашуун; ирилери: Крит, Эвбея, Родос, Лесбос ж. б.) орун алган. Грекия түндүк- батышынан Албания, түндүгүнөн Македония,

Болгария ж-а түндүк-чыгышынан Түркия м-н чектешет. Түштүгүн Жер Ортолук, чыгышын Эгей, батышын Иония деӊиздери чулгайт. Аянты 132 миӊ км2. Калкы 11,0 млн (2021). Мамлекеттик тили – грек тили. Борбору – Афины ш. Административдик-аймактык жактан 51 номго (облуска) бөлүнөт. Акча бирдиги – евро (2002-жылдан).
Мамлекеттик түзүлүшү
Грекия – унитардык мамлекет. Конституциясы 1975-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент (ал парламент тарабынан шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Саясий партиялары: Жаӊы демократия партиясы, Жалпы грек социалисттик кыймылы, Солчул ж-а прогрессивдүү күчтөрдүн коалициясы ж. б.
Табияты
Аймагынын 4/5 бөлүгүн орто бийиктиктеги тайпак тоолор ээлейт. Эӊ бийик жери – Олимп тоосу (бийиктиги 2917 м). Деӊиз жээктери өтө тилмеленген. Эгей деӊизинин жээгин Фессалия, Салоник ойдуӊдары ээлейт. Климаты субтропиктик, жер ортолук деӊиздик. Январдын орточо температурасы 4–12°С, июлдуку 25–27°С. Жылдык жаан-чачыны 400 ммден (түздүктөрдө), 1500 ммге чейин (тоолордо). Дарыяларынын көбү кыска, жайында суусу тартылат, ирилери – Вардар, Марица, Стримон, Нестос (Места) ж. б. Көлдөрү: Преспа, Трихонис. Аймагынын 44%ин токой ж-а бадалдар ээлейт. Жалбырагы күбүлмө бадалдар – маквис, шибляк, Грекияга мүнөздүү фригана, дайыма жашыл эмен, кипарис, платан кездешет. Күрөӊ ж-а күрөӊ тоо-токой топурагы басымдуу. Кен бай

лыктары: темир, марганец, полиметалл, никель, хром, боксит, күрөӊ көмүр ж. б. Улуттук парктары: Викос-Аоос, Микра-Пресна, Эта ж. б.
Калкынын
98% гректер. Ошондой эле түрк, албан, болгар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Православие

динин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 80 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 72, аялдарыныкы – 80 жаш. Шаар калкы 65,2%. Ири шаарлары: Афины

Салоники, Пиргос, Ираклион, Лариса, Волос.
Тарыхы
Б. з. ч. 3-миӊ жылдыкта азыркы Грекиянын аймагында өнүккөн цивилизация пайда болгон (к. Грекия Байыркы). 395-жылы Г. Византия империясынын курамына кирген (к. Византия). 15-кылымда Грекияны Осмон империясы басып алган (1453–1821). 1453-жылы Константинополь шаарын түрктөр ээлеген. Грекия Румелия вилайетинин курамына кирип, түрк башкаруучулары тарабынан башкарылган. Түрктөргө каршы гректер бир нече жолу көтөрүлүшкө чыккан (1571-,1611-жылдар ж. б.). 1822-жылы Грекиянын Улуттук чогулушу алгачкы конституциясын кабыл алат. 1827-жылы апрелде Грекиянын Улуттук чогулушу И. Каподистрияны президент кылып шайлайт. 1821–29-жылдары улуттук-боштондук революциясынын натыйжасында, Лондон конференциясынын чечими м-н 1830-жылы 3-февралда Грекия көз каранды эмес мамлекет болуп жарыяланып, монархиялык башкаруу киргизилет. 18-кылымдын 2-жарымында Грекияда капиталисттик мамилелер өнүгө баштайт.

1912-жылы Грекия Балкан союзун түзүүгө, 1912–13-жылдарда Балкан согуштарына, 1917-жылы 29-июнда (Антанта тарабында) 1-дүйнөлүк согушка (1914–18) катышат. Согуш Грекияны экономикалыке кыйроосуна, финансылык кризиске ж-а ачарчылыкка алып келген. 1924-жылы 25-мартта уюштуруу Улуттук чогулушу Грекияны республика деп жарыялайт. 1935-жылы Грекияда монархия калыбына келтирилген. 1936-жылы 4-августта Грекияда генерал И. Метаксастын аскердик-фашисттик диктатурасы орнойт. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышында Грекия бейтарап абалда турган. 1940-жылы 28-октябрда фашисттик Италиянын аскерлери Грекиянын аймагын басып кирип, 14-ноябрдан кийин Грекия армиясы тарабынан куулуп чыгарылат. 1941-жылы 6-апрелде Грекияга фашисттик Германиянын аскерлери кирип, 2-июнда бүткүл өлкөнү басып алат. Король Георг II өлкөдөн качып кеткен. 1941-жылы 28-майда «Улуттук тилектештик» деп аталган алгачкы каршылык көрсөтүү кыймылы, Грекиянын коммунисттик партиясынын демилгеси боюнча 1941-жылы 27-сентябрда Улуттук-боштондук фронту түзүлөт. 1941-жылы декабрда партизандык отряддар Элдик-боштондук армиясына (ЭЛАС) айланган. 1943-жылы күзүндө Грекиянын аймагынын 1/3 бөлүгү ЭЛАС тарабынан оккупанттардан бошотулуп, ал жерлерде элдик демократиялык бийлик кайрадан орнотулат. 1944-жылы 10-мартта иш жүзүндө убактылуу демократиялык өкмөттүн функциясын аткарган Улуттук-боштондуктун Саясий комитети түзүлөт. 1944-жылы майда түзүлгөн «улут биримдигинин» өкмөтү антифашисттик кыймылды жазалоо үчүн англиялык аскерлерди Грекияга чакырат. 1944-жылы октябрда өкмөт эмиграциядан Афиныга кайтып келет. 5-декабрда англиялык аскерлер ЭЛАСка каршы чабуулга өтөт. 1946-жылы мартта парламенттик шайлоо жана жалпы элдик добуш берүү (1946-жылы 1-сентябрь) өтүп, натыйжада Грекияда монархия калыбына келтирилген. Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө 400 миӊден ашык гректер курман болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Грекиянын экономикасы Маршаллдын планы боюнча калыбына келтирилген. 1952-жылы Грекия НАТОго мүчө болуп кирген. «Жалпы рынокко» кошулуу (1962) өлкөнүн экономикасынын андан ары өнүгүүсүнө шарт түзгөн. 1963-жылы 22-майда Бирдиктүү демократиялык солчул партиядан (ЭДА) парламенттин депутаты Г. Ламбракис өлтүрүлгөндөн кийин Улуттук радикалдык союздун (ЭРЭ) өкмөтү отставкага кетүүгө аргасыз болот. 1963-жылы ноябрда бийликке Г. Папандреу башында турган Борбордук союз партиясы (1961-жылы негизделген) келет. Бир катар жалпы демократиялык чараларды жүзөгө ашырып, ЭРЭ партиясы м-н макулдашууга багыт алган Папандреунун өкмөтү 1965-жылы 15-июлда королдун кысымынан отставкага чыккан. 1965-жылы 27-июлда Грекияда конституциялык эркиндикти калыбына келтирүү талабын койгон 320 миӊ эмгекчи катышкан иш таштоо болгон, 1965-жылы иш таштоолорго 1 млндон ашык адам катышкан. 1967-жылы 21-апрелде мамлекеттик төӊкөрүштүн натыйжасында аскердик диктатура орнотулган. Конституция жоюлуп, бардык демократиялык партиялар ж-а уюмдар таркатылган. 1967-жылы декабрда король Константин төӊкөрүш жасоого аракеттенип, бирок анысы оӊунан чыкпай, Италияга качып кетет. Грекиянын премьер-министрлигине аскердик хунтанын башчысы полковник Г. Пападопулос келет. 1968-жылы сентябрда аскердик диктатуранын тартибин мыйзамдаштырууга тийиш болгон жаӊы конституциянын долбоору боюнча референдум өткөрүлүп, шайлоочулардын 7,76% долбоорго каршы добуш берип, 22,5% референдумга бойкот жарыялаган. 1973-жылы 1-июнда Грекиянын өкмөтү монархияны жоюу ж-а президенттик-парламенттик республиканы жарыялоо жөнүндө билдирди. 1973-жылы июнда 1968-жылдагы конституцияны өзгөртүү жөнүндө указ жарыяланган, ага ылайык президент Пападопулос аткаруу ж-а закон чыгаруу бийлиги жаатында кеӊири ыйгарым укуктарды алды. 1973-жылы 29-июлда конституциялык өзгөрүүлөр шайлоочуларга тикеден тике кысым көрсөтүү кырдаалында өткөрүлгөн референдумда бекитилген. Пападопулос өзү орноткон режимге болгон кысымды жеӊилдетүү максатында прогрессчилердин лидери С. Маркезинис жетектеген граждандык өкмөттү (1973-жылы октябрь) түзгөн. Бирок Пападопулос ишке ашырган өзгөртүүлөр кырдаалды турукташтыра албады. 1973-жылы ноябрда Афиныда ж-а Грекиянын башка шаарларында жумушчу табы ж-а интеллигенция колдогон студенттердин массалык чыгуулары болуп өттү. Бийликтегилер бул нааразылыкты ырайымсыздык м-н басышты. 1973-жылы 17-ноябрда Грекияда абал кайрадан оордойт, 25-ноябрда Грекияда аскер төбөлдөрү төӊкөрүш жасап, натыйжада генерал Ф. Гизикис Грекиянын президенти болуп калат. Бул аскердик жаӊы диктатура 1974-жылы 15-июлда Кипрде козголоӊ чыгарып, муну м-н өз беделин биротоло түшүрөт. Кипрдеги авантюра Грекиядагы аскердик диктатура режиминин кулашына алып келген. 1974-жылы 24-июлда Грекияда бийликке К. Караманлистин граждандык өкмөтү келет. Өкмөт саясий мунапыс жарыялап, Юра аралындагы концлагерди жойду, Грекиянын НАТОнун согуштук уюмунан чыгышы тууралуу жарыялаган. 1974-жылы 17-ноябрда Грекияда парламенттик шайлоо болуп өткөн. Добуштардын көпчүлүгүн (54,37%, парламентте 220 орун) Жаӊы демократия партиясы (1974-жылы негизделген, лидери Караманлис) алды. Бириккен солчулдар блогу (Грекия КП ж-а ЭДА) добуштардын 9,45%ин (парламентте 8 орун) алды. 1974-жылы 8-декабрда өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшү жөнүндө маселе боюнча референдум өткөрүлгөн. Грекияда республикалык түзүлүштү орнотуу үчүн шайлоочулардын 69,3% добуш берип, монархия жоюлуп, Грекия республика деп жарыяланган. Өлкөдө демократиялык институттар калыбына келтирилип, жаӊы конституция (1975) кабыл алынган. 1992-жылы Грекия Европа союзуна мүчө болуп кирген.
Экономикасы. Г. – индустриялуу агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 294,3 млрд долларды (АКШ) түзөт, аны киши башына бөлүштүргөндө 24,5 доллардан туура келет. ИДПдеги өнөр жайдын үлүшү 16,2%, айыл чарбаныкы 14,9%. Көмүр, боксит, пирит, никель, магнезит казып алынат. Каксос аралында дүйнөдөгү эӊ ири наждак кени бар. 1994-жылы 40,6 млрд кВт•с электр энергиясы өндүрүлгөн. Негизинен ЖЭСтен өндүрүлөт. Кара ж-а түстүү металлургия, машина куруу, химия, нефть ажыратуу, цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Жеӊил ж-а тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн. Айыл чарбасында дыйканчылык басымдуу.

Дан эгиндери (негизинен буудай), кант кызылча, пахта, тамеки, тоо этектеринде жүзүм, субтропик жемиштери өстүрүлөт. Өлкө ички керектөөлөрүн толугу м-н (эт м-н сүттөн башкасын) камсыз кылат. Балык кармалат. Темир жолунун жалпы узундугу 2 577 км, автомобилдики 116 000 км (анын ичинен 25 000 кми асфальтталган). Экономикада дагы бир өнүккөн тармагы кемечилик, 2 579 кеменин 984 кемеси башка өлкөлөрдүн желеги астында сүзөт. Деӊиз соода флотунун тоннажы 30,5 млн т дедвейт. Башкы порттору: Салоники, Пирей, Элефсис. Сыртка айыл чарба продуктуларын, текстиль, боксит, никель, марганец, тамеки, кишмиш, зайтун жемиш майы, цитрус өсүмдүктөрү, пахта чыгарылат. Сырттан нефть, машина ж-а анын жабдууларын, минералдык сырьё, азык-түлүк ж-а күндөлүк керектелүүчү товарларды алат. Туризм өнүккөн (жылына 10 млн турист). Негизги соода шериктештери: Германия, Италия, Франция, Улуу Британия, АКШ, Сауд Арабиясы.
Маданияты. Башталгыч билим берүү жөнүндөгү биринчи мыйзам 1834-жылы кабыл алынган. Бешик үйү (ясли), бала бакчалары иштейт. Грекияда 1964-жылы 9 жылдык акысыз билим берүү киргизилген. Орто мектепте 12 жыл окушат. Өлкөдө 17 ЖОЖ (анын ичинен 6 университет) бар; ирилери: Афины, Салоники университеттери, Афины политехникалык институту ж. б. Ошондой эле ири китепканалар, музейлер иштейт. «Акрополис», «Вима», «Неа», «Эстия», «Авги» ж. б. ири гезиттер чыгат. Расмий информациялык агентчилиги 1895-жылы Афиныда, радиоуктуруусу 1938-жылы негизделген. Улуттук радиоуктуруу станциялары ж-а телекөрсөтүү корпорациясы бар. Грекия – байыркы маданияттын өлкөсү. Археологиялык ж-а Эллада мезгилинин архитектуралык эстеликтери м-н бүткүл дүйнөгө таанымал. Алар: Афины Акрополу, Дельфы, Коринф, Микены, Эпидавр, Олимпия. Жаӊы доордун архитектурасы Афины шаарын куруу планы түзүлгөндөн кийин (1830-жылдан) өнүгө баштаган. Грекияда архитектор С. Клеантис, Л. Кавтадзоглу турак үйлөрдүн жаӊы тибин классикалык пропорция боюнча иштеп чыгышкан. 1920-жылдарда айрыкча порттуу шаарлар (Афины, Салоники ж. б.) кеӊейген: балкон-лоджиялуу турак үйлөр курула баштаган (архитектор К. Кицикис). Архитектурага 20–30-жылдарда функционализм м-н классицизм таасир эткен. 50–60-жылдарда Афиныда курулуш күчөп, 19-кылымдын салтындагы үйлөрдүн ордуна көп кабат имараттар, мейманканалар ж-а музейлер салынган. Жаӊы доордун сүрөт өнөрү 19-кылымда граждандык темада иштеген портретчилердин салтында өнүккөн. Алдыӊкы живописчилер Мюнхен академизминин ыкмаларын колдонуп, элдик, улуттук темаларды (Н. Литрас, Н. Гизис) өздөштүрүшкөн. 20-кылымдын ортосунда Грекия искусствосунда түрдүү багыттар пайда болгон. 60-жылдары модернисттик агым түзүлүп, кеӊири тараган. Грекиянын улуттук профессионал музыкасы 19-кылымдын 30-жылдарында калыптана баштаган. Н. Мандзарос «Азат гимни» (сөзү Д. Соломостуку) музыкасын жазып, анын фрагменти 1865-жылы улуттук гимн болуп бекитилген. Туӊгуч композитор С. Самарас Грекиянын Олимпия оюндарынын гимнин жазган (1896-жылы 1-жолу Афиныда аткарылган). Грекиянын улуттук жаӊы музыкалык мектебинин негиз салуучуларынын бири М. Каломирис Афиныда Грек ж-а Улуттук консерваторияны уюштуруп, бир нече опера м-н симфониялык чыгармалар жараткан. Грек музыкалык мектебине негиз салгандарга М. Варвоглис, Г. Ламбелет, Э. Риадис ж. б. кирет. 1920–30-жылдарда А. Незеритис, Т. Кариотакис, 1940–50-жылдарда М. Хадзидакис, М. Теодоракис, А. Паридис, М. Каллас ж. б. композитор, дирижёр, ырчылар өсүп чыккан. 60-жылдарда – Я. Глезос, С. Ксарханос, Х. Леонидис, М. Лоизос, Я. Маркопулос ж. б-дын ырлары Грекиянын өзүндө гана эмес, чет өлкөлөргө да белгилүү болгон. Музыкалык аспаптары: лира, флейта, бузуки, мандолина, скрипка ж. б. Грекияда Улуттук опера театры, 5 симфонниялык оркестри


(а. и. Афины мамл., Афины радиосунун, Афины Улуттук опера театрынын), Дора Страту жетектеген ыр-бий ансамбли, Трикал ш-ндагы хор, Фали Византиу жетектеген кыздар хору, Улуттук консерваториялар, чоӊ шаарларда консерваториялардын филиалдары, бир нече муз. окуу жайлары бар. Афиныда жыл сайын музыка фестивалдары өтөт. Анда грек аткаруучулары ж-а музыканттары гана катышпастан, чет өлкөлөрдөн опералык, хор ж-а симф. коллективдер, солисттер да катышат. Жыл сайын Салоникиде белгилүү ырлардын фестивалы өтүп турат. 15-к-дан 19-к-дын 1-жарымына чейин жаӊы Г. театрынын өнүгүшүнө Осмон империясынын эзүүсү бөгөт болгон. Афиныда алгачкы спектаклдер 1836-ж. коюлган, бирок жерг. профессионал труппалар 19-к-дын 60-жылдарында гана пайда болгон. 19-к-дын ортосундагы көрүнүктүү актёрлор – П. Суцас, Д. Тавуларис ж. б. 19-к-дын аягында актёрлор Е. Параскевопулу, Е. Верони ж-а Шекспирдин каармандарынын ролун аткаруучу Н. Лекацастын аты чыккан. 1875-жылдан Афиныда театрлар салынып, көп труппалар уюшулган. 1930-ж. прогрессчил театр ишмери ж-а драматург В. Ротас Элдик театрды уюштурган. Бирок 20-к-дан баштап Г. театрларынын көпчүлүгү өз күчүн жоготуп, кризиске учураган. 1960-жылдан Г. театрынын репертуары кайрадан кеӊейтилип, анда Мольер, А. П. Чехов, И. С. Тургеневдин пьесалары, Ф. М. Достоевскийдин чыг-лары б-ча инсценировкалар коюлган. Г-да 1906-ж. туӊгуч хроника фильми, 1914-ж. «Афины-фильм» фирмасы уюштурулуп, тарыхый толук метраждуу фильмдер, 1928–31-ж. ири «Даг-фильм» фирмасында тарыхый, 1932-жылдан үндүү фильмдер тартылган. 50–60-жылдардан Г. кинематографиясы өз фильмдерин чыгарууга айрыкча көӊүл бурат. Өлкөдө аскердик бийлик орногондон кийин, кино ишмерлеринин көпчүлүгү камакка алынып, айрымдары чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болгон (1967–74). Аскердик диктатуранын акыркы жылдарында көркөм ж-а саясий фильмдер пайда боло баштаган: «Реконструкция» (1970), «36-жылдын күндөрү» (1972) – экөө теӊ реж. Т. Ангелопулостуку, «Аннаны кудалашуу» (реж. Вулгарис, 1972). Диктатура кулагандан кийин, ошол режимдин кылмыштуу окуялары тууралуу фильмдер пайда болгон: «Манифест» (реж. А. Лепениотис, 1974), «Нөл камерасы» (реж. Г. Смарагдис) ж-а «Күбөлүк» (реж. Н. Кавунидис) – экөө теӊ 1975-ж. чыккан. 1978-ж. жаӊы фильмдер – сатира ж-а грек коому ж-дө: «Түшүмдүү өрөөндүн жалкоолору» (реж. Н. Панаиотопулос) ж-а «Мырзалар» (реж. М. Манусакис) тартылган. 1977-ж. Еврипиддин «Ифигения» трагедиясы экрандаштырылган (реж. Каноянис, актриса И. Папастын катышуусунда). Өлкөдө «Финос» ж-а «Альфа» (1958) киностудиялары иштейт. 1974-ж. Кинематографисттер союзу уюштурулган. Афиныда улуттук киноархив бар. Белгилүү кинематографисттер: А. Вуюклаки, А. Фонсу, О. Карлатос, П. Зервос ж. б. Көрүнүктүү актёрлор: И. Папас, К. Паксину, М. Меркури ж. б.; режиссёрлор – М. Какоянис, Н. Кундурос, Р. Мантулис, Гривас ж. б. Грек фильмдерине музыка жазышкан композиторлор: М. Теодоракис, М. Хадзиндакис, С. Ксарханос, Х. Мурабас, Н. Маманганис, Г. Пападанис ж. б. 1960-жылдан Салоникиде улуттук, 1974-жылдан дүйнөлүк кинофестивалдар өтүп турат. Ад.: Добрынин Б. Ф., Физическая география Западной Европы. М., 1948; Грацианский А. Н. Природа Средиземноморья. М., 1975; Греция//Новейший энциклопедический словарь. М., 2006; Всеобщая история искусства. Т. 1. М., 1956; Всеобщая история архитектуры. Т. 7. М., 1969; Музыкальная энциклопедия. Т. 2. М., 1974; Кино. М., 1986; История всемирной литературы. М., 1983; Сто великих писателей. М., 2000.