ГРИГ Эдвард: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ГРИГ to ГРИГ Эдвард) |
(Айырма жок)
|
05:42, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРИГ Эдвард (15. 6. 1843, Берген, Норвегия – 4. 9. 1907, ошол эле жер) – норвег композитору, пианист, дирижёр, коомдук ишмер. Норвег композиторлор мектебинин ири өкүлү. 1862-жылы Лейпциг консерваториясын бүтүргөн. Дания композитору Н. Гадеден таалим алган. 1866-жылдан Кристианияда (Осло) жашап, филармония коомунун концертине дирижёрлук кылган. Ю. Свенсен менен бирдикте Музыкалык академияны жана музыкалык коомун (азыр Филармониялык коом) уюштурган. Француз (1889), Кембриж (1893), Оксфорд (1906)

университеттеринин музыка боюнча доктору жана Берлин академиясынын ардактуу доктору (1897). Эдвард Григ өз өлкөсүнүн жалындуу патриоту, таланттуу ырчысы болгон. Ата Мекен темасына байланыштуу чыгармаларды жазып, норвег элинин музыкалык фольклорун түп тамырынан бийиктикке көтөргөн. Ал дүйнөгө таанымал болгон 2 сюитаны (Г. Ибсендин «Пер Гюнт» драмасына), фортепьяно жана оркестр үчүн концерттерди, скрипка менен виолончель үчүн концерттерди, скрипка менен виолончель үчүн сонаталарды, норвег темаларына симфониялык бийлерди жазган. Берген шаарында анын эстелиги коюлган.
Ад.: Финдейзен Н. Эдвард Григ. Очерк его жизни и музыкальной деятельности. СПБ; М., 1908; Левашёва О. Эдвард Григ. М., 1962.