ГУМИЛЁВ Николай Степанович: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ГУМИЛЁВ to ГУМИЛЁВ Николай Степанович) |
(Айырма жок)
|
09:40, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы
ГУМИЛЁВ Николай Степанович (3 (15). 4. 1886, Кронштадт – 24. 8. 1921, Петроград) – орус акыны, котормочу, адабий сынчы, акмеизмдин көрүнүктүү өкүлү. «Романтикалык гүлдөр» (1908), «Берметтер» (1910), «Бөтөн асман» (1912), «Саадак» (1916), «Костёр», «Чопо павильон» (1918), «Оттуу түркүк», «Чатыр» (1921), «Ырлар. Өлгөндөн кийинки жыйнак» (1922) аттуу китептердин автору. Ошондой эле «Мик» (1918) поэмасы, «Пальманын көлөкөсү» (1922) аӊгемелер жыйнагы, «Орус поэзиясы жөнүндө каттар» (1923) сын макалалар жыйнагы, «Кавалердин каты» (1915–1916) очерки, «Гондла», «Аллахтын балдары» (1917) аттуу пьесалары бар. Георгий Крест III, IV даражадагы (1914, 1915), Станислав ордени менен (1917) сыйланган.
