БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (1 версия)
1 сап: 1 сап:
'''БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ ''' – кабыл алынган эрежеге ылайык айрым системаны түзгөн физикалык чоӊдуктардын негизги жана туунду бирдиктеринин тобу. Ал физикалык чоӊдуктардын табигый өз ара байланышын чагылдырган теорияга таянып түзүлөт. Аны түзүүдө негизги физикалык чоӊдуктун эркин түрдө кабыл алынган бирдиги н е г и з г и  б и р д и к деп аталат. Ошондуктан чоӊдуктардын бир эле системасы үчүн бирдиктердин бир нече системасын жаратууга болот. Мисалы, узундуктан (''L''), массадан (''M'') жана убакыттан (''Т'') түзүлгөн чоӊдуктардын ''LMT'' системасы үчүн ар кандай система түзүүгө болот. Мисалы, МКС (негизги бирдиктери: ''м, кг, сек''); СГС (бирдиктери: ''см, г, сек''); Британиялык система (бирдиктери: фут, фунт, ''сек''). Мында системалардын белгиси (мисалы, МКС) алардын негизги бирдиктеринин атынын биринчи тамгалары боюнча түзүлөт. Алгач бирдиктер  системасын 1832-жылы немец окумуштуусу К. Гаусс сунуш кылган. Негизги бирдиктер катары ''мм, мг'' жана ''сек'' кабыл алынган, ал эми туунду бирдиктери аныктоочу теӊдемелери боюнча табылат. 1851-жылы немец физиги Вебер Гаусстун бирдиктер  системасын электрдик чоӊдуктар системасын түзүүгө колдонгон. 19-кылымдын экинчи жарымында Англияда негизги бирдиктери ''см, г'' жана ''сек'' болгон бирдиктердин СГС системасы иштелип чыккан. Бирдиктердин СГС системасы физикалык изилдөөлөр үчүн абдан ыӊгайлуу болгондуктан, 1881-жылы биринчи Эл аралык электриктер конгрессинде кабыл алынган жана ушул эле конгрессте механикалык, электрдик жана магниттик чоӊдуктардын СГС системасындагы туунду бирдиктери аныкталган. 1901-жылы италиялык окумуштуу Ж. Жоржи МКС системасына төртүнчү бирдикти электр бирдигин сунуш кылып, ток күчүнүн бирдиги ''А'' (ампер) алынган (МКСА). МКСке термодинамикалык температуранын бирдиги (''К'') кельвинди кошуп, жылуулук бирдиктердин системасы (МКСК), 1919-жылы Францияда МТС системасы (''м, т, сек'') кабыл алынган. 19-кылымдын акырынан баштап, бирдиктердин МКГСС (''м, кг''к үч, ''сек'') системасы колдонулуп келген. Бул система техникада кеӊири колдонулуп, көбүнчө бирдиктердин техникалык системасы деп аталат. Бирдиктер  системасы жана көптөгөн системадан тышкары бирдиктердин болушу мамлекеттер аралык илимий жана экономикалык катнаш түзүүдө кыйынчылыктарга алып келген. Ошондуктан 19-кылымдын аягында бирдиктердин Эл аралык бирдиктүү системасын түзүү зарылдыгы пайда болгон. Бирок мындай системаны (СИ) киргизүү жөнүндөгү макулдашууга ылайык 1960-жылы гана 11-генералдык конференцияда чен жана салмактын бирдиктери кабыл алынган. СИ бирдигине жети негизги бирдик: узундук – ''м'', масса – ''кг'', убакыт – ''сек'', электр тогунун күчү – ''А,'' температура – ''К'', жарык күчү – ''кд'', заттын саны – ''моль'' киргизилген. СИ жөнөкөй жана бир түргө алынып келингендиктен, көп мамлекеттерде, ал эми КМШ өлкөлөрүндө СИ системасы 1963-жылдан баштап колдонулган. Теориялык физиканын айрым бөлүктөрүндө бирдиктердин табигый системалары пайдаланылат. Бирдиктердин табигый системаларын немис физиги М. Планк (1906) жана англ. физик Д. Хартри түзүшкөн.
''' БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ''' 233</ph>


Ад''.: Бурдун Г. Д.'' Единица физических величин. 4-изд. М., 1967; ''Бурдун Г. Д., Марков Б. Н.'' Основы метрологии. 2-изд. М., 1975. <br />
''экономикасына'' чет өлкөлүк капиталды тарту<font color='green'>у</font>га‚ пайдаланылбай жаткан ''ресурстарды'' тез
өздөштүрүүгө‚ керек продукцияны чыгарууну
көбөйтүүгө ж-а анын ''натыйжалуулугун'' жог<font color='green'>о</font>рулатууга‚ алдыӊкы ''техниканы'' ж-а ''технол<font color='green'>о</font>гияны'' үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Катталга<font color='green'>н</font>дан кийин Б. и. юрид. жактын укугуна ээ б<font color='green'>о</font>лот. Б. и-ни башкаруу үчүн башкарма‚ дире<font color='green'>к</font>ция ж-а текшерүү комиссиясы түзүлөт. Б. и. уюштуруу ''документтеринде'' каралган учурда ж-а тартипте‚ о. эле анын ишмердиги максаттар<font color='green'>ы</font>на ж-а милдеттерине жооп бербесе жоюлушу мүмкүн.
[[Category: 2-том, бүтө элек]]


''М. Байбосунов.''
[[Category: 2-том]]

02:41, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ 233</ph>

экономикасына чет өлкөлүк капиталды тартууга‚ пайдаланылбай жаткан ресурстарды тез өздөштүрүүгө‚ керек продукцияны чыгарууну көбөйтүүгө ж-а анын натыйжалуулугун жогорулатууга‚ алдыӊкы техниканы ж-а технологияны үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Катталгандан кийин Б. и. юрид. жактын укугуна ээ болот. Б. и-ни башкаруу үчүн башкарма‚ дирекция ж-а текшерүү комиссиясы түзүлөт. Б. и. уюштуруу документтеринде каралган учурда ж-а тартипте‚ о. эле анын ишмердиги максаттарына ж-а милдеттерине жооп бербесе жоюлушу мүмкүн.