БИОТҮРДҮҮЛҮК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БИОТҮРДҮҮЛҮК – түрлөрдүн өкүлдөрүнөн турган тирүү организмдердин, өсүмдүктөрдүн жыйындысы. Б. көп түрдүүлүккө ээ болуп, айланачөйрөдөгү ар түрдүү экол. факторлордун таасирине туруктуу келет. Айлана-чөйрөдөгү шарттар оптималдуу, ресурстар жетиштүү болсо анда түрдүн курамы өтө бай болот. О. эле, Б. курамы тарыхый эвол. жактан калыптануу убактысына да байланыштуу. Жаш, жаӊы калыптанып жаткан ж-а адамдын тиричилик аракетинин натыйжасында пайда болгон биоценоздор (айдоо аянттары, каналдар, суусактагычтар) түрлөрдүн курамына жарды келет. Организмдердин көп түрдүүлүгү ал жердеги чөйрөлөрдүн ар түрдүүлүгүнө жараша болот. Суунун жээктери, эки ландшафттын чектешкен жерлери ж. б. аймактар адатта көп түрдүүлүккө ээ. Тирүү организмдердин чөйрөсү параметрлерин абиота факторлору м-н бирге, ал жердеги организмдердин тиричилик аракетинин жүрүшү да аныктайт. Анткени, организмдердин түрлөрү бири-бири м-н трофикалык ж-а тоникалык тыгыз байланышта болот. Биоценоздогу түрлөрдүн запасы канчалык көп болсо, биоценоз айлана-чөйрөдөгү тынымсыз таасир этүүчү ар кандай экол. факторлорго туруктуу болот. Айрым учурда саны аз кездешкен түрлөр (биоценоздо кайра калыптануусунан кийин) доминанттык абалга жетип, биоценоздун туруктуулугунун сакталышын камсыз кылат. Айлана-чөйрөдөгү жашоо шарттар канчалык өзгөчө катаал болсо, анда ал жердеги түрдүк курам ошончолук жарды, ал эми особдордун саны өтө жогору болот. Биоценоздун туруктуулугу түрдүк курамдын бай болушу м-н тыгыз байланышып, көп түрдүүлүк канчалык жогору болсо, ал жердеги жаратылыш системалары (шалбаалар, токойлор, көлдөр ж. б.) экол. теӊ салмактуулукка ээ болуп, ар кандай экол. факторлордун таасирине чыдамдуу келет. Ж. Карамолдоев.