БИОТҮРДҮҮЛҮК КОНВЕНЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БИОТҮРДҮҮЛҮК КОНВЕНЦИЯСЫ – глобалдык деӊгээлде каралган эларалык экол. макулдашуулардын бири. 1992-ж. 5-июнда Рио-де-Жанейро ш-нда (Бразилия) кабыл алынып, күчүнө 1993-ж. 29-декабрда кирген. Конвенциянын негизги максаты – планетадагы биотүрдүүлүктү, б. а. экосистеманын артүрдүүлүгүн ж-а компоненттерин сактоо, ресурстардан алган пайданы калыс ж-а теӊ укукта бөлүштүрүү, технологияны туура колдонуу, каржылоо. Конвенция биотүрдүүлүк компонентеринин бардыгына («Юрисдикция сферасы» статьясы б-ча) улуттук юрисдикция чегинде (конвенцияга катышкан өлкөлөргө) таралат. Б. к. б-ча катышуучу тарап биотүрдүүлүктү туруктуу колдонуу ж-а сактоо б-ча өзүнүн улуттук стратегиясын, планын ж-а программаларын сектордук, сектор аралык деӊгээлде иштеп чыгышы зарыл. Конвенциянын кээ бир жоболорунда табигый ж-а жасалма шарттарда биотүрдүүлүктү сактоо чаралары, о. эле конвенция чегинде мамлекет аралык кызматташуулар каралган. Ар бир тарап конвенциянын максатына жетиш үчүн жүргүзүлгөн иш-чараларга кеткен каражатты улуттук деӊгээлде мойнуна алышы талап кылынат. Бирок, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге конвенция б-ча жоопкерчиликти аткарыш үчүн жаӊы ж-а кошумча каражат булактары (өнүккөн мамлекеттер ж. б. аркылуу) каралган. Б. Үсөнканов.