БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ (Аль-Ами

рат аль-Арабия аль-Муттахида, БАЭ) – Батыш Азиядагы мамлекет, Араб ж. а-нын түн.-чыгышында жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн Катар, түштүгүнөн, түш.-батышынан ж-а түш.-чыгышы-
нан Оман м-н чектешет. Түндүгүн Персия булуӊу, чыгышын Оман булуӊу чулгап жатат. Аянты БУУнун маалыматы б-ча 83,6 миӊ км2 (БАЭнын кургактыктагы чегарасы чөл аркылуу өтүп, так эмес). Калкы 2,1 млн (2001). Борбору – Абу-Даби ш. Расмий тили – араб тили, перс тилинде да сүйлөшөт. Акча бирдиги – дирхам.
Мамлекеттик түзүлүшү
. БАЭ – курамы 7 эмирликтен (Абу-Даби, Дубай, Шаржа, Ажман, Уммэль-Кайвайн, Эль-Фужайра, Рас-эль-Хайма) турган федерациялык мамлекет (эмирликтер бардыгы теӊ абсолюттук монархиялар болуп саналат). Конституциясы 1971-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Федералдык улуттук кеӊеш тарабынан эмирликтердин монархтарынын ичинен 5 жылга шайланган президент. Аткаруу бийлигинин органы – премьер-министр жетектеген
өкмөт (кабинет). Саясий партиялары жок.
Табияты
. Аймагынын көп бөлүгүн ойдуӊдуу түздүктөр, чыгышын тоолор (бийикт. 1127 мге
чейин), батышын таштуу чөл ээлейт. Климаты
кургак, тропиктен субтропикке өтмө. Айлык орт. темп-расы 20°Сден 35°Сге (макс. 50°Сге жетет) чейин. Жылдык жаан-чачыны 100 мм, тоолорунда 300–400 мм. Туруктуу дарыясы жок. Аянтынын көп бөлүгүн шор жер ж-а кумдуу чөл ээлейт. Оазистеринде сейрек курма пальмасы, акация, тамарисктер өсөт.
Калкы
. Негизинен арабдар (90%тен ашык),


(Шаржа княздыгында) түзүлгөн. 20-к-дын 20жылдарында бир нече княздыкта англичандарга каршы кыймылдар күч алган. Улуу Британиянын лейбористтик өкмөтүнүн Перс булуӊундагы райондордон өз аскерлерин 1971-жылдын аягына карата толук алып чыгып кетүү ж-дөгү билдирүүсүнөн кийин, ОКга кирген княздыктар араб княздыктарынын федерациясын түзүү ж-дөгү макулдашууга кол коюшкан. 1971-ж. 2-декабрда көзкаранды эмес БАЭнын түзүлгөндүгү жарыяланган. 1971-ж. 6-декабрда БАЭ Араб өлкөлөрүнүн лигасына, 9-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунуна кабыл алынган. 1990–91-ж. БАЭнын аскерлери БУУнун күчтөрүнүн катарында Иракка каршы согушка катышкан. 1994-ж. февралда өлкөнүн президенти айрым кылмыш иштерин (киши өлтүрүү, уурулук, баӊги заттарды колдонуу ж-а сатуу) кароону шарият мыйзамдарына ылайык жүргүзүүнү киргизген.
Экономикасынын
негизин нефть, газ өнөржайы түзөт. Ички улуттук кирешенин үлүшү киши башына 22 220 доллардан (АКШ) туура келет. Дүйнөдөгү нефть, газ өндүрүүчү ж-а экспорттоочу ири өлкөлөрдүн бири. Нефть ылгоочу, нефть-хим., металлургия (алюминий эритүү), цемент өнөржайы тез темп м-н өнүгүүдө. Ички дүӊ продукциясындагы өнөржайдын үлүшү 41,7% (а. и. нефть, газ өндүрүү 33,4%), а. ч-ныкы 2,5%. 1992-ж. 134 млн м3 газ, 13,5 млн т

нефть продукциялары, 1994-ж. 18,8 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Көчмөндүү мал чарбасы ж-а оазистеринде дыйканчылык өнүккөн. Элинин салт болуп калган көнүмүш жумушу – балык кармоо ж-а бермет чогултуу. Кустардык промысели (килем, кыл торко, чегелөө) бар.

Негизги транспорту – автомобиль; автомобиль жолунун уз. 4,7 миӊ км (1995; а. и. асфальтталганы 2 миӊ км). Деӊиз порттору: ЖебельАли, Рашид (Дубай), Зейд (Абу-Даби), МинаХалед (Шаржа). Сыртка нефть, нефть продуктулары, суюлтулган газ, алюминий ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Япония, Индия, Иран, Оман, Корея Респ., Сингапур, АКШ.