БИРКСУУ СЫМАП КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

БИРКСУУ СЫМАП КЕНИ Баткен обл-нун Лейлек р-нунда, Түркстан кыркатоосунун түн. этегиндеги Андыген тоосунда, Лейлек суусунун оӊ куймасы – Бирксуунун өрөөнүндө, деӊиз деӊг. 2300–3000 м бийиктикте. 13-к-дан белгилүү. 1941–45-ж-а 1951–54-ж. геол. изилдөө, чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон акиташ тектери түзөт. Тоотек катмарлары бүктөлүүгө дуушарланып, тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Сымап кенташы ошол жаракалар м-н байланышкан ж-а ал негизинен антиклиналдуу түзүлүштөрдүн чегиндеги брекчия зоналарында топтолгон. Кен шток түрүндөгү майда кенташ түйүндөрүн түзөт. Жалпы уз. 25 км, туурасы 0,5–3,5 км келген аймакта кенташтын саны 29га жетет. Сымап алынуучу минерал – киноварь. Андан башка кальцит, пирит, халькопирит, куприт, азурит, кээде кварц ж-а флюорит кездешет. Алар бардык жерде бирдей таралган эмес. Кенташ герцин металлогениялык доорунун аягында гидротермден пайда болгон. Кен аймагында 320дан ашык байыркы казынды бар. Кен 1946–50-ж. казылып, киреше бербеген соӊ убактылуу токтотулган. Сымаптын орт. өлчөмү 0,37%. Кенташтын С12 категориялары б-ча запасы 45 миӊ т, сымаптыкы – 167 т.