БИР ҮЛҮШТҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БИР ҮЛҮШТҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР , л и л и о п с и дд е р (Monocotyledones же Liliopsida) – урук түйүлдүгүндө бир гана урук үлүшү бар жабык уруктуу өсүмдүктөр классы. Аларга өсүмдүктүн 80 тукуму, 2600 уруусу ж-а 60 миӊдей түрү кирет. Эки үлүштүүлөрдөн айырмасы алардын негизги тамыры эрте солуп, кошумча жан тамырлар пайда болот. Сабагы м-н тамырында камбий болбогондуктан жоонойбойт. Жалбырагы көбүнчө жарыш ж-а дого сымал тарамыштуу,


сапсыз, сабакка жазы негизи м-н бекийт. Көпчүлүгү кайчы гүлдүү (карабуудай, жүгөрү, сорго ж.б.), кайчылаш, айрымдары өзү м-н өзү (арпа, буудай ж.б.) чаӊдашат. Гүлдөрү үч мүчөлүү, айрымдарынын гүлкоргону жөнөкөй. Көпчүлүгү чөп өсүмдүк болгондуктан, мелүүн алкакта, шалбаа, талаа, саванналарда өсөт. Дарактары тропикте, кээде субтропикте кездешет. Адам тиричилигинде алардын мааниси чоӊ, негизги тамакаш ж-а тоют өсүмдүктөрү: буудай, арпа, сулу, жүгөрү, шалы, балкамыш ж. б. Дарылык касиеткээ түрлөрү да бар. К. Т. Шалпыков.