БИТ 1: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

БИТ 1 – адамдын, сүт эмүүчүлөрдүн ж-а кээ бир куштардын кан соргуч митеси. 150дөн ашык түрү белгилүү. Денеси жалпак, уз. 1–5 мм, башы ж-а көкүрөгү кичине, курсагы чоӊ, 2 көздүү, кээ бири сокур болот. Оозу терини сайып, кан сорууга ыӊгайлашкан. Кишиде кийим бити ж-а чач бити мителик кылат. Бардык өөрчүү стадиясында (сиркеден башка) кан соруп азыктанат. Сиркесин чачка же кийимдин түгүнө жабыштырып таштайт. Сиркеден личинка чыгып, ал үч жолу түлөп, битке айланат. Кийим бити 2 ай, чач бити 4 жума жашайт. Өөрчүү цикли 15 күнгө созулат. Б. башкелте, кайталанма келте козгогучтарын таратат.