«БИШКЕК БОРБОРДУК ЛИКЁР-АРАК ЗАВОДУ»: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Кайра 13043 жокко Kadyrm (сюзюу))
 
1 сап: 1 сап:
''' «БИШКЕК БОРБОРДУК ЛИКЁР-АРАК ЗАВОДУ»''' – жоопкерчилиги чектелген коом (1999). 19-к-да (1882) Пишпекте москвалык соодагер Иванов тарабынан алгачкы самогон заводу – спирт ж-а алкоголь продуктуларын чыгаруу б-ча ишкана курулган. Улуу Октябрь рев-яс<font color='green'>ы</font>нын кийин заводдун мүлкү мамлекеттин менчигине берилген. 1950-ж. мамл. масштабда а<font color='green'>л</font>коголь продукциясын чыгаруу б-ча типтүү з<font color='green'>а</font>воддун курулушу башталган. Өзүнүн чарбалык ишмердиги мезгилинде заводдун имараты ж-а курулмалары бир нече жолу реконструкцияла<font color='green'>н</font>ды. 1950-жылдан бир сменада 20,0 миӊ б<font color='green'>у</font>тылка арак продукциясы чыгарылса, 60-жы<font color='green'>л</font>дардын акырында өндүрүштүк жабдуулар а<font color='green'>л</font>машуунун натыйжасында чыгарылган проду<font color='green'>к</font>циянын көлөмү 10 эсеге көбөйгөн. Азыркы учу<font color='green'>р</font>да завод жалпысынан алкоголдук продукци<font color='green'>я</font>нын 14 түрүн чыгарат, а. и. «Арашан» кыргыз бальзамы респ-нын чегинен тышкары да бе<font color='green'>л</font>гилүү.
'''«БИШКЕК БОРБОРДУК ЛИКЁР-АРАК ЗАВОДУ» ''' – жоопкерчилиги чектелген коом (1999). 19-кылымда (1882) Пишпекте москвалык соодагер Иванов тарабынан алгачкы самогон заводу – спирт жана алкоголь продуктуларын чыгаруу боюнча ишкана курулган. Улуу Октябрь революциясынан кийин заводдун мүлкү мамлекеттин менчигине берилген. 1950-жылы мамлекеттик масштабда алкоголь продукциясын чыгаруу боюнча типтүү заводдун курулушу башталган. Өзүнүн чарбалык ишмердиги мезгилинде заводдун имараты жана курулмалары бир нече жолу реконструкцияланды. 1950-жылдан бир сменада 20,0 миӊ бутылка арак продукциясы чыгарылса, 60-жылдардын акырында өндүрүштүк жабдуулар алмашуунун натыйжасында чыгарылган продукциянын көлөмү 10 эсеге көбөйгөн. Азыркы учурда завод жалпысынан алкоголдук продукциянын 14 түрүн чыгарат, анын ичинен «Арашан» кыргыз бальзамы республиканын чегинен тышкары да белгилүү.
[[Category: 2-том, бүтө элек]]
[[Category: 2-том]]
 

06:32, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

«БИШКЕК БОРБОРДУК ЛИКЁР-АРАК ЗАВОДУ» – жоопкерчилиги чектелген коом (1999). 19-кылымда (1882) Пишпекте москвалык соодагер Иванов тарабынан алгачкы самогон заводу – спирт жана алкоголь продуктуларын чыгаруу боюнча ишкана курулган. Улуу Октябрь революциясынан кийин заводдун мүлкү мамлекеттин менчигине берилген. 1950-жылы мамлекеттик масштабда алкоголь продукциясын чыгаруу боюнча типтүү заводдун курулушу башталган. Өзүнүн чарбалык ишмердиги мезгилинде заводдун имараты жана курулмалары бир нече жолу реконструкцияланды. 1950-жылдан бир сменада 20,0 миӊ бутылка арак продукциясы чыгарылса, 60-жылдардын акырында өндүрүштүк жабдуулар алмашуунун натыйжасында чыгарылган продукциянын көлөмү 10 эсеге көбөйгөн. Азыркы учурда завод жалпысынан алкоголдук продукциянын 14 түрүн чыгарат, анын ичинен «Арашан» кыргыз бальзамы республиканын чегинен тышкары да белгилүү.