БИШКЕК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БИШКЕК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (2007) – Бишкек саммитинде кабыл алынып, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мүчөлөрүнүн жакынкы келечектеги кызматташуусунун негизги багыттарын аныктаган эларалык документ. 2007-ж. 16-августта Бишкек ш-нда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитинде кабыл алынган. Бул документте азыркы учурда бүткүл жер жүзүндө жүрүп жаткан глобалдашуу процесси дүйнө мамлекеттеринин ортосундагы бири-бирине болгон өзара көзкарандылыкты улам тереӊдетип баратканы, бул кырдаалдар айрыкча аймакташ өлкөлөрдүн коопсуздук, туруктуу өнүгүү проблемалары м-н ажырагыс биримдикте экендигин, андыктан мындай эларалык масштабдагы ири маселелерди айрым өлкө өз тарабынан бир жактуу аракеттери аркылуу чече албай тургандыгы баса белгиленген. Б. д-нда дүйнөлүк экономиканын туруктуулугун камсыздоонун, жакырчылыкты азайтуунун, өлкөлөрдүн социал.-экон. өнүгүү деӊгээлдерин бир кылкалаштыруунун, экон., экол., энергетикалык, маалыматтык коопсуздуктарын камсыз кылуунун, о. эле калкты ж-а ШКУга мүчө мамлекеттердин аймагын табигый, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан келип чыгуучу кырсыктардан коргоо сыяктуу милдеттерди эларалык коопсуздуктун проблемаларынан алып таштоого болбой тургандыгы да көрсөтүлдү. ШКУга мүчө мамлекеттер өздөрүнүн тышкы иштери б-ча биргелешкен аракеттерине коопсуздуктун төмөнкүдөй арх-расын түзүү м-н эларалык укуктун жалпы кабыл алынган нормаларынын негизинде жүргүзөт, тактап айтканда: эларалык мамилелердин бардык субъектилеринин таламдар балансын эске алат (чагылдырат);
ар бир мамлекетке өзүнүн тарыхый тажрыйбасына ж-а улуттук өзгөчөлүгүнө ылайык өнүгүү жолун эч кимге көзкаранды болбой, өзалдынча тандап алуу, мамл. биримдигин ж-а улуттук кадыр-баркын коргоо, эларалык иштерге теӊ укукта катышуу укугун камсыз кылат; эларалык, аймактык жаӊжалдарды ж-а кризистерди саясаттын, дипломатиянын каржаттары м-н бардык тараптардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын, мүдөлөрүн эске алуу аркылуу эларалык укуктун нормалары м-н принциптерине ылайык жөнгө салуунун кепили болот; мад-тарда ж-а цивилизацияларда ар түрдүүлүктүн сакталышына, цивилизациялар м-н диндердин ортосундагы диалогдордун тереӊдөөсүнө багытталган демилгелердин колдоого алынышына кам көрөт. ШКУга мүчө мамлекеттер ШКУнун аймактык террорго каршы курумунун ишин жогору баалайт, о.эле анын терроризм, сепаратизм ж-а экстремизм м-н болгон күрөштү андан ары өркүндөтүүгө олуттуу мүмкүнчүлүктөрү бар деп эсептейт. ШКУга мүчө мамлекеттер мындан ары да энергетика б-ча диалогду улантуу аркылуу энергия берүүчү, отун өндүрүүчү, транзиттөөчү ж-а керектөөчү мамлекеттер ортосунда практикалык кызматташтыкты эске алуу м-н колдоого алат. ШКУга мүчө мамлекеттер экон. жактан өнүгүүнүн улуттук программасын ишке ашырууда бири-бирине практикалык жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин ырасташты. ШКУга мүчө мамлекеттер эларалык укуктун алкагында өзара кызматташууга кызыкдар болгон бардык өнөктөштөр үчүн Шанхай Уюмунун эшиги ачык экенин дагы бир жолу ырастады.