БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР БОРБОРУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР БОРБОРУ (БЖЭБ) – «Электр станциялары» ААКдын филиалы; Кырг-ндын негизги жылуулук электр станциясы; Бишкек ш. үчүн электр, ысык суу ж-а буу өндүрүүчү башкы ишкана. Анын курулушу 1958-ж. башталган. Биринчи агрегаты 1961-ж. 14-сентябрда ишке киргизилген. Негизги отуну – ташкөмүр. 2004-ж. борбордун аныкталган электрдик кубаттуулугу 678 миӊ кВт, жылуулук кубаттуулугу – 2022,4 Гкал/с болгон. Ага 11 агрегат, 24 буу казаны орнотулган (2006). Буу казандарынын жалпы өндүрүмдүүлүгү саатына 4250 т, буу казандарындагы басым 100 атм., темп-расы 540°С. Отун катары жаратылыш газы, көмүр, мазут колдонулат.
