БИШКЕК САММИТИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БИШКЕК САММИТИ – Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек ш-нда 2007-ж. 16-августта Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын: Казакстан Респнын Президенти Н. Назарбаевдин, Кытай Эл Респ-нын Төрагасы Ху Цзиньтаонун, Кыргыз Респ-нын Президенти К. Бакиевдин, Россия Федерациясынын Президенти В. Путиндин, Тажикстан Респ-нын Президенти Э. Рахмондун, Өзбекстан Респ-нын Президенти И. Каримовдун катышуусу м-н өткөн жетинчи жыйын (саммит). Алты өлкөнүн мамлекет башчылары ж-а өкмөттүк жетекчилер: Афганстандын Президенти – Х. Карзай, Индиянын нефть ж-а жаратылыш газ министри – М. Деор, Иран Ислам Респ-нын Президенти — М. Ахмединежад, Моӊголиянын Президенти – Н. Энхбаяр, Пакистандын тышкы иштер министри Х. Касури, Түркмөнстандын Президенти – Г. М. Бердымухаммедов эларалык байкоочулар катары катышты. Бул саясий форум дүйнөлүк коомчулуктун активдүү кызыгуусун туудурду. 12 өлкөнүн башчылары ж-а жетекчилери катышкан бул эларалык ири жыйын ар тараптуу жолугушуулардын, сүйлөшүүлөрдүн ж-а кызыкдар болгон маселелер б-ча активдүү пикир алышуулардын аренасы болду. Бул саммитте ШКУ мүчөлөрү эларалык маанидеги документти — Бишкек декларациясын кабыл алышты. Б. с. дүйнөлүк коомчулуктун

17–100


Бишкек саммитинин катышуучулары.

көӊүлүнүн борборунда болуп, жыйынтыгы массалык маалымат каражаттары тарабынан оӊ бааланды.