БИЭЛА КОМЕТАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БИЭЛА КОМЕТАСЫ – асман телосу. 1826-ж. чехиялык астроном В. Биэла ачкан. Ал кометаны 1772, 1815, 1826, 1832, 1845-ж. көптөгөн окумуштуулар байкашкан. 1845-ж. кометанын өлчөмү чоӊоюп, экиге бөлүнгөн. Бул эгиз комета 1852-ж. кайрадан бири бирине 2,4 млн км аралыкка жакындашып, бир ай бою көрүнүп турган да, кийин такыр жок болуп кеткен. Ал комета 1872-ж. да көрүнүүгө тийиш болчу, бирок анын ордуна ошол жылы 26-ноябрда Европада ж-а Түн. Америкада метеорлор жааны байкалган. Мындан Б. к. метеор агымына айланып кеткен деп болжолдоого болот.