БЛАНТАЙР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БЛАНТА́ЙР (Blanture), Б л а н т а й р Л и мб е – Малави мамл-нин түштүгүндөгү шаар. Түштүк р-нун борбору. Калкы 585 миӊ (2005); калкынын саны б-ча өлкөнүн борбору Лилонгве ш-нан кийинки 2-шаар. Шире тайпактоосунун этегинде жайгашкан. Жолдор тоому ж-а темиржол бекети. Эларалык аэропорту бар. 1876ж. шотландиялык миссионерлер тарабынан негизделип, саякатчы Д. Ливингстон жашаган шаардын атынан коюлган. 1895-ж. шаар статусун алган. Малави ун-тинин политех. ж-а мед. коллеждери, улуттук музей (1959) бар. Б.– өлкөнүн экон., соода ж-а өнөржай борбору. Тамак-аш, жеӊил, хим., металл иштетүүчү өнөржайы иштейт. А. ч. сырьёлору иштетилет. Тактай тилинет.