БЛЕННОРЕЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БЛЕННОРЕ́Я (гр. blйnnos – былжыр ж-а zhйу – агам) – көздүн былжыр челинин гонококктор пайда кылуучу жугуштуу оорусу. Көздөн чылпак көп чыгып, көз жапкагы шишип, катууланат, жээги кызарат. Б. ымыркайларда ж-а чоӊ кишилерде кездешет. Ымыркайга оорулуу энеден төрөт убагында, чоӊ кишилерге кир колу, сүлгү ж.б. аркылуу жугат. Анын белгилери билинери м-н тезинен врачка кайрылуу керек. Убагында дарыланбаса көзгө конок конуп, ак басып көрбөй калышы мүмкүн. Алдыналуу үчүн ымыркайдын көзүнө азот кычкыл күмүштүн 2%түү эритмесин же антибиотик тамызуу, о.эле эненин сүзөк (гонорея) оорусун дарылоо зарыл.