ГРЕЙДЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГРЕ́ЙДЕР (анг. grader – тегиздөө, түздөө) – жердин бетин тегиздөөдө ж-а дөӊсөө жерлерди түздөөдө, жол катмарын бийиктөөдө, жол курууда ж-а оӊдоодо колдонулуучу дөӊгөлөктүү машина. Г-дин негизги жумушчу органы кесүүчү

бычактары бар ийри сызыктуу профилдеги каӊтаргыч эсептелет. Г. өзү жүрүүчү ж-а чиркелме болуп бөлүнөт. Алдынкы эки дөӊгөлөгү Г-ди багыттайт ж-а арткы төрт дөӊгөлөк м-н балка аркылуу байланышкан. Асылма болот бычак көтөрүлүп, ылдый түшүп турат ж-а керектүү бурчка кыйгач орнотулат. Г. алдыга жылганда каӊтаргыч жердин бетин кырат же керектүү профилге жетмейинче чуӊкур жерди топурак төгүп толуктайт.