БЛОК 2: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БЛОК 2 Жан Ришар (25.5.1884, Париж –13.3. 1947, ошол эле жер) – француз жазуучусу ж-а коомдук ишмер. «Азоолор» (1910) пьесасын, «Леви» (1912) аӊгемелер жыйнагын жазган. Р. Роллан м-н бирге «Эроп» аттуу журналды негиздеген (1923). Б. – коомдогу оор турмушту сүрөттөгөн «Жүк ташуучу пароходдо» (1924), «Курд түнү» (1925), «Жер жаӊгагы менен банандар» (1929), «Сибилла» (1932) аттуу документ повесттердин, иск-во м-н коомдун карым-катнашын изилдөөгө арналган «Маданияттын жаралышы» (1936) эмгегинин, испан элинин улуттук рев-ячыл күрөшүнө арналган «Испания! Испания!» (1936) очерктер жыйнагынын, «Тулон» драмасынын (1943) автору. Анын «Москва – Париж» (1947) аттуу китеби ж-а сүйлөгөн сөздөрүнүн жыйнагы («Оккупацияланган Франциядан куралданган Францияга чейин», 1949) Тынчтыктын Алтын медалына татыктуу болгон (1950).