«БОЗЖИГИТ»: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
''' «БОЗЖИГИТ»''' – лирикалык поэма. Чыгыш эп<font color='green'>и</font>калык поэзиясынан келген. Ашыктык, бааты<font color='green'>р</font>дык, турмуштук, диний сыпаттагы чыгыштын дастандары О. Азия элдерине ''дастан, кысса, х<font color='green'>и</font>кая'' деген ат м-н тараган. Булар негизинен 19-<font color='green'>к</font>дын акыры – 20-к-дын башында Уфа, Казан, Оренбург ш-нда б
'''«БОЗЖИГИТ» ''' – лирикалык поэма. Чыгыш эпикалык поэзиясынан алынган. Ашыктык, баатырдык, турмуштук, диний сыпаттагы чыгыштын дастандары Орто Азия элдерине ''дастан, кысса, хикая'' деген ат менен тараган. Булар негизинен XIX кылымдын акыры – XX кылымдын башында Уфа, Казань, Оренбург шаарларында басылып чыккан. «Боз жигит» араб, фарсы жана Орто Азиядагы түрк элдеринин тилинде жарык көргөн. Китептин саны аз болгондуктан, алгач кат тааныган сабаттуу адамдар окуп, алар аркылуу оозеки түрдө тарай баштаган. Акындар, чыгармачыл айтуучулар бул сюжеттерди өздөрүнүн алымча, кошумчалары менен ырдап, эл арасына жайылткан. Ошентип, ар кандай варианттары пайда болгон. «Бозжигит» поэмасы 1911-жылы Казань шаарында араб, фарсы тилдеринде басылып чыккан жана кыргыздар арасына тараган. Поэмада анын негизги каармандары Бозжигит менен Сайыпжамалдын ортосундагы улуу махабат баяндалат. Эки ашык бири-бирине жетпей, окуя трагедия менен аяктайт. «Бозжигит» поэмасынын эки нускасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда сакталып турат.<br/>''Г. Орозова.''
[[File:«БОЗЖИГИТ»49.png | thumb | none]]
[[Category: 2-том]]
асылып чыккан. «Б.» араб, фарсы ж-а О. Азиядагы түрк элдеринин тилин-
 
де жарык көргөн. Китептин саны аз болгонду<font color='green'>к</font>тан, алгач кат тааныган сабаттуу адамдар окуп, алар аркылуу оозеки түрдө жашай баштаган. Акындар, чыгармачыл айтуучулар бул сюже<font color='green'>т</font>терди өздөрүнүн алымча, кошумчалары м-н ы<font color='green'>р</font>дап, эл арасына жайылткан. Ошентип, вариан<font color='green'>т</font>тары пайда болгон. «Б.» поэмасы кыргыздар ар<font color='green'>а</font>сына 1911-ж. Казандан араб, фарсы тилдеринде басылып чыккан нуска б-ча тараган. Поэмада анын негизги каармандары Бозжигит м-н Са<font color='green'>й</font>ыпжамалдын ортосундагы улуу махабат бая<font color='green'>н</font>далат. Эки ашык бири бирине жетпей, окуя трагедия м-н аяктайт. «Б.» поэмасынын эки нускасы КР УИАнын Колжазмалар фондунда сакталып турат. ''Г. Орозова.'' [[Category: 2-том, бүтө элек]]
 

04:20, 12 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

«БОЗЖИГИТ» – лирикалык поэма. Чыгыш эпикалык поэзиясынан алынган. Ашыктык, баатырдык, турмуштук, диний сыпаттагы чыгыштын дастандары Орто Азия элдерине дастан, кысса, хикая деген ат менен тараган. Булар негизинен XIX кылымдын акыры – XX кылымдын башында Уфа, Казань, Оренбург шаарларында басылып чыккан. «Боз жигит» араб, фарсы жана Орто Азиядагы түрк элдеринин тилинде жарык көргөн. Китептин саны аз болгондуктан, алгач кат тааныган сабаттуу адамдар окуп, алар аркылуу оозеки түрдө тарай баштаган. Акындар, чыгармачыл айтуучулар бул сюжеттерди өздөрүнүн алымча, кошумчалары менен ырдап, эл арасына жайылткан. Ошентип, ар кандай варианттары пайда болгон. «Бозжигит» поэмасы 1911-жылы Казань шаарында араб, фарсы тилдеринде басылып чыккан жана кыргыздар арасына тараган. Поэмада анын негизги каармандары Бозжигит менен Сайыпжамалдын ортосундагы улуу махабат баяндалат. Эки ашык бири-бирине жетпей, окуя трагедия менен аяктайт. «Бозжигит» поэмасынын эки нускасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда сакталып турат.
Г. Орозова.