БОЗУНАЧ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) Белги: Reverted |
Белги: Undo |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' БОЗУНАЧ''' (Anaphalis) – | '''БОЗУНАЧ ''' (Anaphalis) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу; көп жылдык чөп жана чала бадал. Сабагынын бийиктиги 30–60 ''см'', бутаксыз, айрымдары бутактанат, кээде баркыттай түктүү. Жалбырагы кезектешип жайгашат, сапсыз, жээги тегиз, жыш түктүү, айрымдары түксүз. Эки же бир үйлүү өсүмдүктөр. Себетчеси майда – 1,2 ''см'', бирден же бир нечеси биригип калканчадай, башчадай тоголок же шыпыргыдай топ гүлдү түзүп, сабактын учунда жайгашат. Гүлү түтүкчөдөй, түсү саргыч, ак, мала кызгылт. Мөмөсү – сүйрү данча. Жер жүзүндө 35 түрү тоолуу Азиянын тропик жана мелүүн райондорунда кездешет. Кыргызстанда 4 түрү белгилүү, кургак боздоӊдо, дыӊ жерде, таштактуу бетте, сайда өсөт. Эл арасында ашказан ооруларын дарылоодо колдонулат.<br/> | ||
үйлүү өсүмдүктөр. | [[File:БОЗУНАЧ43.png | thumb | none]] | ||
[[Category: 2-том]] | |||
Себетчеси майда – 1,2 ''см'', бирден же | |||
бир нечеси биригип калканчадай, башчадай | |||
4 түрү белгилүү, кургак боздоӊдо, дыӊ жерде, таштактуу бетте, сайда өсөт. Эл арасында | |||
04:04, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
БОЗУНАЧ (Anaphalis) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу; көп жылдык чөп жана чала бадал. Сабагынын бийиктиги 30–60 см, бутаксыз, айрымдары бутактанат, кээде баркыттай түктүү. Жалбырагы кезектешип жайгашат, сапсыз, жээги тегиз, жыш түктүү, айрымдары түксүз. Эки же бир үйлүү өсүмдүктөр. Себетчеси майда – 1,2 см, бирден же бир нечеси биригип калканчадай, башчадай тоголок же шыпыргыдай топ гүлдү түзүп, сабактын учунда жайгашат. Гүлү түтүкчөдөй, түсү саргыч, ак, мала кызгылт. Мөмөсү – сүйрү данча. Жер жүзүндө 35 түрү тоолуу Азиянын тропик жана мелүүн райондорунда кездешет. Кыргызстанда 4 түрү белгилүү, кургак боздоӊдо, дыӊ жерде, таштактуу бетте, сайда өсөт. Эл арасында ашказан ооруларын дарылоодо колдонулат.
