БОЙГО БҮТҮРБӨӨ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
Белги: Undo |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' БОЙГО БҮТҮРБӨӨ''' | '''БОЙГО БҮТҮРБӨӨ, ''' к о н т р а ц е п ц и я – бойго болтурбоо үчүн көрүлгөн чаралар. Мында аялдын «тукумсуз» күндөрүн саноо, ошондой эле жыныстык катнашты бузуу көп учурларда натыйжасыз болуп чыгат. Бул учурда ''аборт'' жасатууга туура келет. Жыныстык катнашты бузуу эркек менен аялдын ден соолугуна тескери таасир тийгизет. Аялдар аборт жасатпоо, организмге тескери таасир тийгизүүчү ыкмаларды колдонбоо үчүн врачка кайрылып, андан кеӊеш алуулары керек. Врач бойго бүтүрбөө ыкмаларын жана каражаттарын сунуш кылып, аны пайдалануу жолдорун үйрөтөт. Азыр бойго бүтүрбөө үчүн механикалык, химиялык жана биологиялык заттар колдонулат. Механикалык каражаттар сперманы аялдын жыныс жолуна түшүрбөйт же жатындын былжыр челине жумуртканын жабышуусуна тоскоол кылат. Бул каражаттар колдонулбаса овуляция процесси тез калыбына келип, бойго бүтүп калышы мүмкүн. Аларды дайыма пайдалануудан этек кир аралыгында булгануу, кускусу келүү, баш ооруп, териге бүдүр чыгуу, кээде оор кабылдоолорго чалдыктыруусу мүмкүн. | ||
үчүн врачка кайрылып, андан кеӊеш алуулары | [[Category: 2-том]] | ||
керек. Врач | |||
үйрөтөт. Азыр | |||
заттар колдонулат. | |||
04:01, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
БОЙГО БҮТҮРБӨӨ, к о н т р а ц е п ц и я – бойго болтурбоо үчүн көрүлгөн чаралар. Мында аялдын «тукумсуз» күндөрүн саноо, ошондой эле жыныстык катнашты бузуу көп учурларда натыйжасыз болуп чыгат. Бул учурда аборт жасатууга туура келет. Жыныстык катнашты бузуу эркек менен аялдын ден соолугуна тескери таасир тийгизет. Аялдар аборт жасатпоо, организмге тескери таасир тийгизүүчү ыкмаларды колдонбоо үчүн врачка кайрылып, андан кеӊеш алуулары керек. Врач бойго бүтүрбөө ыкмаларын жана каражаттарын сунуш кылып, аны пайдалануу жолдорун үйрөтөт. Азыр бойго бүтүрбөө үчүн механикалык, химиялык жана биологиялык заттар колдонулат. Механикалык каражаттар сперманы аялдын жыныс жолуна түшүрбөйт же жатындын былжыр челине жумуртканын жабышуусуна тоскоол кылат. Бул каражаттар колдонулбаса овуляция процесси тез калыбына келип, бойго бүтүп калышы мүмкүн. Аларды дайыма пайдалануудан этек кир аралыгында булгануу, кускусу келүү, баш ооруп, териге бүдүр чыгуу, кээде оор кабылдоолорго чалдыктыруусу мүмкүн.