ГРЕЧИХА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГРЕЧИ́ХА (Fagopyrum), к а р а к ү р ү ч – гречиха тукумуна кирүүчү бир ж-а көп жылдык өсүмдүк. Анын дүйнөдө 4–5, КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү: эгилме же азык Г., татар Г-сы ж-а көп жылдык жарым бадал Г. белгилүү. Г-дан ун ж-а акшак тартылат. Данында 10–16 % белок, 60–80 % крахмал, 0,3–0,5 % кант, 2,5–3 % май, 12 – 16 % клечатка, адамга пайдалуу минералдуу туздар (темир, кальций, фосфор, жез, цинк) ж. б. болот. Г. топурак жетишерлик жылыганда эгилет. Ал нымдуу, кумдак топуракта жакшы өсөт. Агротехника туура колдонулуп, маалында сугарылса, Г. гектарынан 20 цге чейин түшүм берет.