ВИТАМИНДЕР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИТАМИНДЕР''' (лат. vita – тиричилик) – орга­низмдеги нормалдуу зат алмашууда ж-а тири­чилик аракетинде чоң мааниси бар биол. ак­тивдүү заттар; тамактануунун алмаштыргыс фактору. «В.» терминин поляк окумуштуусу К. Функ 1912-ж. сунуштаган. В-дин көбү фер­менттердин негизги курамына кирип, зат алма­шууну жөнгө салат, денеде болуучу хим. реак­цияларды күчөтөт, о. эле ферменттердин пайда болушуна ж-а алардын функциясына катышат. Дененин тамак заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клеткалардын өсүшүнө ж-а бүтүндөй орга­низмдин өрчүшүнө түрткү берет. Адам сапаттуу ж-а түрдүүлөп тамактанганда В-ди тамак-аш м-н эле жетиштүү кабыл алат. | '''ВИТАМИНДЕР''' (лат. vita – тиричилик) – орга­низмдеги нормалдуу зат алмашууда ж-а тири­чилик аракетинде чоң мааниси бар биол. ак­тивдүү заттар; тамактануунун алмаштыргыс фактору. «В.» терминин поляк окумуштуусу К. Функ 1912-ж. сунуштаган. В-дин көбү фер­менттердин негизги курамына кирип, зат алма­шууну жөнгө салат, денеде болуучу хим. реак­цияларды күчөтөт, о. эле ферменттердин пайда болушуна ж-а алардын функциясына катышат. Дененин тамак заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клеткалардын өсүшүнө ж-а бүтүндөй орга­низмдин өрчүшүнө түрткү берет. Адам сапаттуу ж-а түрдүүлөп тамактанганда В-ди тамак-аш м-н эле жетиштүү кабыл алат. | ||

Алардын кээ бири ичегидеги пайдалуу микроорганизмдердин тири­чилигинде синтезделет, бирок алар организмдин муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир азыктарда В. жетишсиз болот. Ошондук­тан бир өңчөй, витаминдери аз тамак-аш м-н тамактануу, о. эле организм В-ди өздөштүрө албай калгандан анын жетишсиздиги (гипо­ж-а ''авитаминоздор'') пайда болот. В-ди өтө көп кабыл алуу ''гипервитаминоз'' оорусуна алып келет. Организмдин В-ди кабыл алуусу анын физиол. абалына жараша болот. Дененин өсүү учурунда, кошбойлуу ж-а эмчек эмизген убак­та, оору абалда ж-а оорудан кийин, кара жу­муш же акыл эмгеги м-н көп иштегенде ж. б. учурда В. көп өлчөмдө талап кылынат. Орга­низм карыганда В-ди өздөштүрүү начарлайт. В-дин 30га жакын түрү белгилүү. Алардын хим. түзүлүшүн, физиол. таасирин изилдөө м-н ай­рым В-ди синтездеп алууга мүмкүн болду. Өнөр­жайда витаминдүү дарылар ж-а витаминделген тамак-аш продуктулары чыгарылат. Мал чар­басында да В-дин мааниси чоң, тоютта вита­мин жетиштүү болсо, мал ылаңга көп учурабай, кунардуу келип, андан алынган азык-түлүктүн сапаты жогорулайт.

| Алардын кээ бири ичегидеги пайдалуу микроорганизмдердин тири­чилигинде синтезделет, бирок алар организмдин муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир азыктарда В. жетишсиз болот. Ошондук­тан бир өңчөй, витаминдери аз тамак-аш м-н тамактануу, о. эле организм В-ди өздөштүрө албай калгандан анын жетишсиздиги (гипо­ж-а ''авитаминоздор'') пайда болот. В-ди өтө көп кабыл алуу ''гипервитаминоз'' оорусуна алып келет. Организмдин В-ди кабыл алуусу анын физиол. абалына жараша болот. Дененин өсүү учурунда, кошбойлуу ж-а эмчек эмизген убак­та, оору абалда ж-а оорудан кийин, кара жу­муш же акыл эмгеги м-н көп иштегенде ж. б. учурда В. көп өлчөмдө талап кылынат. Орга­низм карыганда В-ди өздөштүрүү начарлайт. В-дин 30га жакын түрү белгилүү. Алардын хим. түзүлүшүн, физиол. таасирин изилдөө м-н ай­рым В-ди синтездеп алууга мүмкүн болду. Өнөр­жайда витаминдүү дарылар ж-а витаминделген тамак-аш продуктулары чыгарылат. Мал чар­басында да В-дин мааниси чоң, тоютта вита­мин жетиштүү болсо, мал ылаңга көп учурабай, кунардуу келип, андан алынган азык-түлүктүн сапаты жогорулайт.

А с к о р б и н к - т а с ы (С витамини) өсүмдүктөрдө (айрыкча жашылча ж-а жемиште) ж-а көпчүлүк жаныбарларда (при­маттар, деңиз чочкосу ж-а кишиден башка) син­тезделет. Ал организмдеги окистенүү-калыбы­на келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алма­шууда мааниси чоң. Организмдин жакшы же­тилүүсүнө түрткү болот, чөйрө шартына турук­туулугун жогорулатат. Ал жемиште, жашыл­чада, мөмөдө, айрыкча итмурун м-н чычырка­нак ашында, кызыл калемпирде, апельсин, лимондо көп. Анын жетишсиздиги цинга оору­суна алып келет. | А с к о р б и н к - т а с ы (С витамини) өсүмдүктөрдө (айрыкча жашылча ж-а жемиште) ж-а көпчүлүк жаныбарларда (при­маттар, деңиз чочкосу ж-а кишиден башка) син­тезделет. Ал организмдеги окистенүү-калыбы­на келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алма­шууда мааниси чоң. Организмдин жакшы же­тилүүсүнө түрткү болот, чөйрө шартына турук­туулугун жогорулатат. Ал жемиште, жашыл­чада, мөмөдө, айрыкча итмурун м-н чычырка­нак ашында, кызыл калемпирде, апельсин, лимондо көп. Анын жетишсиздиги цинга оору­суна алып келет. |
01:08, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИТАМИНДЕР (лат. vita – тиричилик) – организмдеги нормалдуу зат алмашууда ж-а тиричилик аракетинде чоң мааниси бар биол. активдүү заттар; тамактануунун алмаштыргыс фактору. «В.» терминин поляк окумуштуусу К. Функ 1912-ж. сунуштаган. В-дин көбү ферменттердин негизги курамына кирип, зат алмашууну жөнгө салат, денеде болуучу хим. реакцияларды күчөтөт, о. эле ферменттердин пайда болушуна ж-а алардын функциясына катышат. Дененин тамак заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клеткалардын өсүшүнө ж-а бүтүндөй организмдин өрчүшүнө түрткү берет. Адам сапаттуу ж-а түрдүүлөп тамактанганда В-ди тамак-аш м-н эле жетиштүү кабыл алат.
Алардын кээ бири ичегидеги пайдалуу микроорганизмдердин тиричилигинде синтезделет, бирок алар организмдин муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир азыктарда В. жетишсиз болот. Ошондуктан бир өңчөй, витаминдери аз тамак-аш м-н тамактануу, о. эле организм В-ди өздөштүрө албай калгандан анын жетишсиздиги (гипож-а авитаминоздор) пайда болот. В-ди өтө көп кабыл алуу гипервитаминоз оорусуна алып келет. Организмдин В-ди кабыл алуусу анын физиол. абалына жараша болот. Дененин өсүү учурунда, кошбойлуу ж-а эмчек эмизген убакта, оору абалда ж-а оорудан кийин, кара жумуш же акыл эмгеги м-н көп иштегенде ж. б. учурда В. көп өлчөмдө талап кылынат. Организм карыганда В-ди өздөштүрүү начарлайт. В-дин 30га жакын түрү белгилүү. Алардын хим. түзүлүшүн, физиол. таасирин изилдөө м-н айрым В-ди синтездеп алууга мүмкүн болду. Өнөржайда витаминдүү дарылар ж-а витаминделген тамак-аш продуктулары чыгарылат. Мал чарбасында да В-дин мааниси чоң, тоютта витамин жетиштүү болсо, мал ылаңга көп учурабай, кунардуу келип, андан алынган азык-түлүктүн сапаты жогорулайт.
А с к о р б и н к - т а с ы (С витамини) өсүмдүктөрдө (айрыкча жашылча ж-а жемиште) ж-а көпчүлүк жаныбарларда (приматтар, деңиз чочкосу ж-а кишиден башка) синтезделет. Ал организмдеги окистенүү-калыбына келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алмашууда мааниси чоң. Организмдин жакшы жетилүүсүнө түрткү болот, чөйрө шартына туруктуулугун жогорулатат. Ал жемиште, жашылчада, мөмөдө, айрыкча итмурун м-н чычырканак ашында, кызыл калемпирде, апельсин, лимондо көп. Анын жетишсиздиги цинга оорусуна алып келет.
Т и а м и н – В1 витаминин өсүмдүктөр ж-а кээ бир микроорганизмдер синтездешет. Организмдеги углевод алмашууга катышат. Ал ачыткыда, айрыкча кургак пиво ачыткычы м-н нан квасында көп. В1 витамини чанактуу ж-а дан өсүмдүктөрүндө, акшакта (каракүрүч, сулу акшагы) арбын.
Р и б о ф л ав и н (В2 витамини), микроорганизмдер ж-а өсүмдүктөр синтездешет, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Организмдин өсүүсүнө таасир тийгизет, өсүү фактору болуп эсептелет. Белок, май, углевод алмашууга катышат. Жаранын айыгышына түрткү берет, борб. нерв системасынын абалын жөнгө салат, көздүн тунук челиндеги, чечекейдеги ж-а тор кабыкчасындагы зат алмашуу процессине таасир этип, жарык көрүүнү ж-а түс ажыратууну камсыз кылат. Ал жумурткада, этте, боордо, жержаңгак, соя, буурчакта, айрыкча ачыткы м-н сүттө көп болот.
Н и к о т и н к - т а с ы (РР витамини) көпчүлүк жаныбарлардын ичеги микрофлорасы синтездейт, клетканын демалуусуна, белок алмашууга катышат, карындын маңыз бөлүү ж-а жыйрылуу функциясын жөнгө салат, уйку безинин маңыз бөлүүсүн жакшыртат, боор ишин оңойт. Бул витамин боор, бөйрөк, ачыткы, эт, сүт, о. эле буурчак өсүмдүктөрүндө, буудай унунда, каракүрүчтө, козугарында көп.
П и р и д о кс и н (В6 витамини), ичеги бактериялары синтездейт. Ал белоктун негизин түзүүчү амин к-таларынын алмашуусуна катышат, белок ж-а майдын сиңишин камсыз кылат, зат алмашууда мааниси чоң. В6 витаминин өсүп жаткан бала организми, боюнда бар аялдар, түндүктө жашаган элдер көп талап кылат.
П а н т о т е н к - т а с ы (В5 витамини), жалпы өсүмдүктөр, микроорганизмдер, а. и. ичеги микрофлорасы синтездейт. Анын зат алмашуу процессинде мааниси чоң. Табиятта кеңири таралган. Ал нерв системасына ж-а бөйрөк үстүндөгү без м-н калкансымал бездин ишине таасир этет.
Ц и а-н о к о б а л а м и н (В12 витамини) микрооргаизмдер синтездейт. Биол. өтө активдүү зат. Бул витамин бардык жаныбарга керек. Ал метионин, нуклеин к-таларынын синтезине, кан пайда болуу процессине ж. б. катышат, о. эле нерв талчаларынын регенерациясына таасир этет, боордун иштешин жакшыртат. Организмге тамак-аш м-н келет, о. эле ичеги микроорганизмдерди синтездейт. В12 витамини жаныбар тектүү азыктарда, айрыкча уйдун боорунда көп. Медицинада ж-а ветеринарияда кеңири колдонулат.
Р е т и н о л (А витамини) табиятта кеңири таралган, деңиз балыктары ж. б. жаныбарлардын боорунда көп. Ал көрүү пигментинин пайда болушуна катышат, организмдин нормалдуу өсүшүн камсыз кылат. Өсүмдүк азыктарында провитамин – каротиноид пигменттери түрүндө кездешет. Каротиноиддерге сабиз, томат, кызыл калемпир, көк пияз, козугулак, салат, итмурун, чычырканак, четин ж. б-дын мөмөлөрү бай.
К а л ь ц и ф е р о л (Д витамини) организмде кальций ж-а фосфор зат алмашууга, сөөк пайда кылууга катышат. Эргокальциферол ж-а холекальциферол түрүндө болот. Биринчиси синтез жолу м-н алынат, экинчисин киши ж-а жаныбар организми күн нурунун таасири м-н пайда кылат. Д витамини өспүрүм балдарга, боюнда бар ж-а бала эмизген аялдарга көп керек. Треска ж. б. балыктын боорунда көп болот.
Т о к о ф е р о л д о р (Е витамини) 7 витаминден турган топ; өсүмдүктөр синтездейт, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Ал булчуңдардын иштешин ж-а жыныс бездеринин ишин күчөтөт.
Ф и л л о х и н о н (К1 витамини) – кан уюу процессинде катышуучу маанилүү фактор. Анын жетишсиздиги аркандай органдардан (мурун, бүйлө, ичеги-карын) кан агууга, тукумсуздукка, булчуң дистрофиясына, анемияга (аз кандуулукка), балдардын көрүүсүнүн бузулушуна алып келет (к. Авитаминоз). К1 витамини өсүмдүктүн жашыл бөлүгүндө (шпинат, капуста, чалкан ж. б.), о. эле сабиз, томатта болот. Медицинада синтез жолу м-н алынган түрү – викасол ж-а синкавит колдонулат.
Ад.: Романовский В. Е. Витамины и витаминотерапия. Ростов-на-Дону, 2000; Спиричев В. Б. Витамины, витаминоподобные и минеральные вещества. М., 2004. Б. Бегалиева, Д. Акматова.