ВЕТЕРИНАРИЯ -САНИТАРИЯЛЫК ЭКСПЕРТТӨӨ (ВСЭ): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВЕТЕРИНА́РИЯ -САНИТАРИЯЛЫК ЭКСПЕРТТӨӨ (ВСЭ) – 1) тамак-аш продуктуларынын сапатын ж-а зыянсыздыгын аныктоо б-ча жүргүзүлүүчү изилдөөлөр ж-а чаралар комплекси. Аны эт-сүт, балык, а. ч. мекемелеринде, базарларда, кушканаларда вет. кызмат ишке ашырат. Малды соёрдо ж-а сойгондон кийин ылаңга диагноз коюу, эт, сүт, балык, жумуртка ж-а алардан жасалган продукцияларды гистол., микробиол., физ., хим. ж. б. ыкмаларды колдонуу м-н лабор. анализ жүргүзүлөт. ВСЭнин негизги маңызы – зооантропоноздук ж-а антропозооноздук жугуштуу ж-а мите ылаңдарынын тамак-аш, жем-чөп ж-а тех. продукциялар аркылуу адамга ж-а жаныбарга таралуусунун алдын алуу. 2) Ветеринарияны тамак-аш продуктуларын, өсүмдүк ж-а жаныбарлардан алынган сырьёлорду изилдөө ыкмаларын ж-а вет.- санит. баалоо принциптерин изилдөөчү бөлүмү. ВСЭ өзалдынча илим тармагы катары 20-кылымда калыптанган, бирок жаныбарлардан алынган кээ бир продуктулардын тамак-аш катары жарактуулугун ж-а жараксыздыгын аныктоо 17-кылымдан баштап эле белгилүү болгон. ВСЭ мите ылаңдарда, лейкоздо, чочконун ж. б. жаныбардын сибирь кулгунасында; токсикоинфекцияда ж-а токсикоздо эттин, балыктын жаңылыгын ж-а ылаңдаган малдын этин тамак-ашка жарамдуу же жарамсыздыгын аныктоодогу хим. ыкмаларды; гистол. ыкма м-н эттин канча деңгээлде жаңылыгын ж-а жетилгенин, радиоактивдүү заттар ж-а иондук нурлар м-н продукциялардын бузулганын аныктоо; жаныбарлардан алынган кургак тоют продукцияларына вет.-санит. баа берүү иш-чараларын ж-а ыкмаларын иштеп чыгат. А. И. Иргашев.