«ВЯТКА» АЙЫЛ ЧАРБА ШЕРИКТЕШТИГИ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''«ВЯ́ТКА» АЙЫЛ ЧАРБА ШЕРИКТЕШТИГИ '''– | '''«ВЯ́ТКА» АЙЫЛ ЧАРБА ШЕРИКТЕШТИГИ '''– Түндүк Кыргызстандагы алгачкы жамааттык айыл чарба би­рикмелеринин бири. 1919-ж. 20-мартта багбан­дар м-н жүзүм өстүрүүчүлөрдүн союзу катары Пишпек уездиндеги Молдаван кыштагында уюшул­ган. 1922-ж. «Ветка» айыл чарба коммунасы болуп кайра түзүлгөн. 1924-ж. январда коммунарлар өз чарбасын В. И. Лениндин ысмы м-н аташ­кан. Коммунадагы эмгек шарты, турмуш-тири­чилик, маданияты коңшу айыл-кыштактардын тур­гундарына чоң таасир тийгизген. Аларга мал­дын тукумун асылдандыруу, мөмө-жемиш бак­тарынын ж-а жүзүмдүн түшүмдүү сортторун өстүрүү жагынан өрнөк көрсөткөн. Коммуна 1930-ж. колхоз болгон, 1951-ж. бир нече колхоз­дор биригип, ирилешкен чарбага айланган. 1992- жылга чейин Ленин атн. колхоз, 1992-жылдан «Ветка» айыл чарба кооперативи деп аталган. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
02:41, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
«ВЯ́ТКА» АЙЫЛ ЧАРБА ШЕРИКТЕШТИГИ – Түндүк Кыргызстандагы алгачкы жамааттык айыл чарба бирикмелеринин бири. 1919-ж. 20-мартта багбандар м-н жүзүм өстүрүүчүлөрдүн союзу катары Пишпек уездиндеги Молдаван кыштагында уюшулган. 1922-ж. «Ветка» айыл чарба коммунасы болуп кайра түзүлгөн. 1924-ж. январда коммунарлар өз чарбасын В. И. Лениндин ысмы м-н аташкан. Коммунадагы эмгек шарты, турмуш-тиричилик, маданияты коңшу айыл-кыштактардын тургундарына чоң таасир тийгизген. Аларга малдын тукумун асылдандыруу, мөмө-жемиш бактарынын ж-а жүзүмдүн түшүмдүү сортторун өстүрүү жагынан өрнөк көрсөткөн. Коммуна 1930-ж. колхоз болгон, 1951-ж. бир нече колхоздор биригип, ирилешкен чарбага айланган. 1992- жылга чейин Ленин атн. колхоз, 1992-жылдан «Ветка» айыл чарба кооперативи деп аталган.