ВИВАЛЬДИ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИВА́ЛЬДИ''' Антонио (4.3.1678‚ Венеция – 27 же 28.7.1741‚ Вена) – | '''ВИВА́ЛЬДИ''' '''Антонио''' (4.3.1678‚ Венеция – 27 же 28.7.1741‚ Вена) – италиялык композитор‚ скри­пач‚ дирижёр ж-а педагог. Жаштайынан скрип­када мыкты ойноп таанылган. 1703-жылдан педагог‚ кийин оркестр дирижёру ж-а концерт­тердин директору‚ 1713-жылдан «Пиета» аял­дар консерваториясынын директору болгон.

[[File:ВИВАЛЬДИ2.png | thumb | А. | [[File:ВИВАЛЬДИ2.png | thumb | А. Вивальди. Белгисиз сүрөтчү тарткан портрет. 1700. ]] | ||

Вивальди өз операларын коюу аркылуу Венеция театр турмушунун гүлдөп-өсүүсүнө көп күч-кубатын сарптаган. 1718–22-жылдарда Мантуядагы аксарайда кызмат өтөгөн‚ калган өмүрүн Италияда‚ башка Европа өлкөлөрүндө концерт берүү м-н өткөргөн. Вивальдинин чыгармачылык мурасы бай: 465 аспаптык кон­церт‚ ораторияларды‚ кантаталарды‚ 40тан ашуун опера жазган. Ал И. C. Бахтын чыгармачылы­гына да таасирин тийгизген. Cкрипкада ойноо техникасын болуп көрбөгөндөй өнүктүргөн. Аны программалуу симфониянын атасы деп аташкан: белгилүү «Жыл мезгилдери» циклдеринен тыш­кары «Эңсөө»‚ «Деңиздеги бороон»‚ «Түн»‚ «Фа­ворит» ж. б. концерттерди жазган. Италиянын Cиена шаарында Антонио Вивальди институту иштейт. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
08:58, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИВА́ЛЬДИ Антонио (4.3.1678‚ Венеция – 27 же 28.7.1741‚ Вена) – италиялык композитор‚ скрипач‚ дирижёр ж-а педагог. Жаштайынан скрипкада мыкты ойноп таанылган. 1703-жылдан педагог‚ кийин оркестр дирижёру ж-а концерттердин директору‚ 1713-жылдан «Пиета» аялдар консерваториясынын директору болгон.

Вивальди өз операларын коюу аркылуу Венеция театр турмушунун гүлдөп-өсүүсүнө көп күч-кубатын сарптаган. 1718–22-жылдарда Мантуядагы аксарайда кызмат өтөгөн‚ калган өмүрүн Италияда‚ башка Европа өлкөлөрүндө концерт берүү м-н өткөргөн. Вивальдинин чыгармачылык мурасы бай: 465 аспаптык концерт‚ ораторияларды‚ кантаталарды‚ 40тан ашуун опера жазган. Ал И. C. Бахтын чыгармачылыгына да таасирин тийгизген. Cкрипкада ойноо техникасын болуп көрбөгөндөй өнүктүргөн. Аны программалуу симфониянын атасы деп аташкан: белгилүү «Жыл мезгилдери» циклдеринен тышкары «Эңсөө»‚ «Деңиздеги бороон»‚ «Түн»‚ «Фаворит» ж. б. концерттерди жазган. Италиянын Cиена шаарында Антонио Вивальди институту иштейт.