ВИВЕКАНАНДА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИВЕКАНА́НДА ''' | '''ВИВЕКАНА́НДА Свами''' (монахча аты); чыны­гы ысмы – Н а р е н д р а н а т х Д а т т (12.1.1863, Калькутта,– 4.1.1902, Белур) – ин­диялык ойчул-гуманист, философ, дин рефор­матору, коомдук ишмер. 1893-жылы ''Веданта'' окуу­сун үгүттөө, таратуу максатында Вивекананда АКШ, Япония, Улуу Британия ж. б. көп өлкөлөрдү кыдырган. 1897-жылы «Рамакришна миссиясы» деп аталган диний-реформатордук коомду уюшту­руп, аны Индияда динди жандандыруунун бор­боруна айландырган. Вивекананда адамзатты «куткаруу­нун» бирден бир каражаты – коомдун, өткөндүн руханий-диний тажрыйбасына кайрылуу деп эсептеп, буларды жүзөгө ашырууда, айрыкча Индия элинин улуттук үрп-адаттарына, байыр­тан келаткан бай диний жөрөлгөсүнө, рухий салт-санаасына чоң маани берген. Дүйнөдөгү бардык диндердин рухий бирдейликтерин бел­гилей келип, Вивекананда ошол эле учурда «бардык дин­дердин энеси» деп индуизмди эсептеген. Ин­дуизмдин философиялык негизин ведантадан көргөн. Вивекананданын социалдык көз карашынын негизинде коомдук прогресстин төрт баскычы жатат, башкача айтканда прогресстин жүрүшүндө төмөндөн өйдөнү көздөй ырааттуу жогорулап (брахмандардын, кшатрие­лердин, вайшьелердин, шудрлардын варналары) жүрүп отурат. Азыркы коомдо «вайшьелер доо­рунун арааны», келечекте – «шудрлар доору­нун арааны» жүрөт делет. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
09:12, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИВЕКАНА́НДА Свами (монахча аты); чыныгы ысмы – Н а р е н д р а н а т х Д а т т (12.1.1863, Калькутта,– 4.1.1902, Белур) – индиялык ойчул-гуманист, философ, дин реформатору, коомдук ишмер. 1893-жылы Веданта окуусун үгүттөө, таратуу максатында Вивекананда АКШ, Япония, Улуу Британия ж. б. көп өлкөлөрдү кыдырган. 1897-жылы «Рамакришна миссиясы» деп аталган диний-реформатордук коомду уюштуруп, аны Индияда динди жандандыруунун борборуна айландырган. Вивекананда адамзатты «куткаруунун» бирден бир каражаты – коомдун, өткөндүн руханий-диний тажрыйбасына кайрылуу деп эсептеп, буларды жүзөгө ашырууда, айрыкча Индия элинин улуттук үрп-адаттарына, байыртан келаткан бай диний жөрөлгөсүнө, рухий салт-санаасына чоң маани берген. Дүйнөдөгү бардык диндердин рухий бирдейликтерин белгилей келип, Вивекананда ошол эле учурда «бардык диндердин энеси» деп индуизмди эсептеген. Индуизмдин философиялык негизин ведантадан көргөн. Вивекананданын социалдык көз карашынын негизинде коомдук прогресстин төрт баскычы жатат, башкача айтканда прогресстин жүрүшүндө төмөндөн өйдөнү көздөй ырааттуу жогорулап (брахмандардын, кшатриелердин, вайшьелердин, шудрлардын варналары) жүрүп отурат. Азыркы коомдо «вайшьелер доорунун арааны», келечекте – «шудрлар доорунун арааны» жүрөт делет.