ВИГО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́ГО – Испаниянын түн.-батышындагы шаар. Галисия автономия обл-нда. Калкы 294,5 миң (2006). Өлкөдө шаар калкынын жылдык өсүшү б-ча 1-орунда. Виго д-нын боюнда жайгашкан. Атлантика океанынын Виго бухтасындагы деңиз порту (жылына 25 млн т жүк, 1,2 млн жүргүнчү ташылат; 2 миңден ашык деңиз кемелерин тейлейт). Б. з. ч. 2-кылымда римдиктер Викус деңиз порту катары негиздеген. Шаар катары 1097-жылдан эскерилет. Чиркөө (12-к.), Сан- Себастьян чеби (1656) ж. б. сакталган. Океанография борбору, ун-т, заманбап иск-во (MARCO, 2002), деңиз, этногр. (1998) музейлери, зоопарк бар. Испаниянын башкы балык кармоочу порту (600 миң т; 2004). Европа шериктештиги өлкөлөрүндө «Citroёn–Peugeot» автомобиль компаниясынын автомобилдерин чыгаруу б-ча 2-орунда (2004-ж. 459 миң; 90%ке жакыны сыртка чыгарылат). Тамак-аш (балык консервалары), металл иштетүү өнөржайлары иштейт. Кеме куруу верфи бар. Шаарга жакын б. з. ч. 3 миң – 1,8 миң жыл мурунку мегалит эстеликтери бар. Гранит казылып алынат.