ВИДЕОМАГНИТОФОН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИДЕОМАГНИТОФО́Н – сүрөттөлүштү ж-а үн сигналдарын магниттик тасмага же компактдискке жазып алып, чогуусу м-н телекөрсөтүү программаларынан кайра көрсөтүүчү аппарат.


Биринчи В. 1956-ж. амер. «Ampex Corporation» фирмасы тарабынан чыгарылган. Үй тиричилик В-дору 1970-жылдарда пайда боло баштады. В. кадимки магнитофонго окшош, бирок анда бетине видеожазуу жазыла турган сап түшүрүлгөн эндүү магнит тасмасы (эни 12,7 же 50,8 мм) пайдаланылат. Сүрөттөлүштү коштоочу үн сигналдары В-дун кыймылсыз магниттик бөркү м-н тасманын бир четин бойлото жазылат. Бөрктүү дисктин айлануусу м-н тасманын бирдей синхрондуу жылышы автоматтык жөндөгүч система аркылуу аткарылат.