ВИЗА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́ЗА (лат. visus – көрүлгөн, каралган) –
1) жооптуу кызмат адамы тарабынан кандайдыр бир документтин же актынын анын аныктыгын же күчүнө киргизилишин күбөлөндүргөн жазуу.
2) Кайсы бир мамлекетке кирүүгө, андан чыгып кетүүгө же анын аймагы аркылуу өтүүгө атайын уруксат берилгендиги ж-дө паспортко коюлган расмий белги. Дипл. өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрүнө, эларалык жолугушуулардын, көргөзмөлөрдүн, салабаттуу жыйындардын, конфялардын катышуучуларына ж. б. четке чыккан расмий кызмат адамдарына атайын дипл. В. берилет, ага ылайык, эларалык эреже б-ча кабыл алуучу мамлекеттин чегарачылары, башка бийлик кызматкерлери мындай адамдарга урматсый көрсөтүп, тейлөөгө көңүл бурушат. В. мерчемдүү мөөнөткө берилет. В. системасы – өлкөгө чет өлкөлүк жарандардын келип-кетишин ж-а өз жарандарынын чет өлкөлөргө барышын көзөмөлдөп, жөнгө салып туруучу мамл. аралык кызмат чөйрөсү. Тиешелүү мамлекеттердин өзара келишимдеринин негизинде В-сыз карымкатнашуу практикасы да кеңири жайылтылган. М. Керимбаев.