ВИЗАНТИЯЛЫК СТИЛЬ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИЗАНТИЯЛЫК СТИЛЬ ''', в и з а н т и я л ы к о р у с с т и л и – Россияда 1830–50- | '''ВИЗАНТИЯЛЫК СТИЛЬ ''', в и з а н т и я л ы к о р у с с т и л и – Россияда 1830–50-жылдарда расмий маанидеги аксарай ж. б. курулуштар үчүн (Христ Спаситель храмы, 1837–83, Чоң Кремль дворе­ци, 1839–49, Москва, архитектор К. А. Тон) кабыл алынган орус стилинин бир варианты. 16-кылымдагы Орус мамлекетинин ж-а 6–12-кылымдагы Византия империясынын архитектурасындагы композициялык акценттер м-н жасалга системасынан багыт ал­ган Византиялык стиль классицизмге таандык эмес силуэтти жараткан ири мотивдери ж-а көлөмүнүн көрү­нүктүүлүгү м-н таасир калтырган. Византиялык стиль собор­лордун (мисалы, Киевдеги Владимир собору, 1850– 96, архитектор А. В. Беретти ж. б.; Софиядагы Алек­сандр Невскийдин храм-эстелиги, 1904–17, архитектор А. Н. Померанцев) ири имараттарында оймо­ чиймелүү живопистик формаларга көбүрөөк ээ боло баштаган. Византиялык стиль өткөн заманды туураган авторлордун культтук ж-а тиричилик буюмда­рында да популярдуу болгон. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
02:59, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИЗАНТИЯЛЫК СТИЛЬ , в и з а н т и я л ы к о р у с с т и л и – Россияда 1830–50-жылдарда расмий маанидеги аксарай ж. б. курулуштар үчүн (Христ Спаситель храмы, 1837–83, Чоң Кремль двореци, 1839–49, Москва, архитектор К. А. Тон) кабыл алынган орус стилинин бир варианты. 16-кылымдагы Орус мамлекетинин ж-а 6–12-кылымдагы Византия империясынын архитектурасындагы композициялык акценттер м-н жасалга системасынан багыт алган Византиялык стиль классицизмге таандык эмес силуэтти жараткан ири мотивдери ж-а көлөмүнүн көрүнүктүүлүгү м-н таасир калтырган. Византиялык стиль соборлордун (мисалы, Киевдеги Владимир собору, 1850– 96, архитектор А. В. Беретти ж. б.; Софиядагы Александр Невскийдин храм-эстелиги, 1904–17, архитектор А. Н. Померанцев) ири имараттарында оймо чиймелүү живопистик формаларга көбүрөөк ээ боло баштаган. Византиялык стиль өткөн заманды туураган авторлордун культтук ж-а тиричилик буюмдарында да популярдуу болгон.