ВИКО: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИ́КО''' (Vico) Жамбаттиста (23.6.1668, Неаполь – 23.1.1744, ошол эле жер) италиялык ойчул, кийинки Жаңы заман тарыхынын философия­сын негиздөөчү, азыркы культурологиянын ж-а гуманитардык илимдердин методологиясы­нын карлыгачы (кабарчысы). | '''ВИ́КО''' (Vico) '''Жамбаттиста''' (23.6.1668, Неаполь – 23.1.1744, ошол эле жер) италиялык ойчул, кийинки Жаңы заман тарыхынын философия­сын негиздөөчү, азыркы культурологиянын ж-а гуманитардык илимдердин методологиясы­нын карлыгачы (кабарчысы). Вико коомго, коом­дук турмушка ж-а көрүнүштөргө карата башка­ча көз караш м-н, жалаң илимий ыкма м-н изилдөөгө алганда, коомдук-социалдык илимдердин илимий корутундуларынын аныктыгы, тактыгы да та­бият илимдериндей эле деңгээлде экенин да­лилдеген. Бирден бир анык илим деп матема­тиканы атаган Декарт м-н ушул темада тала­шып келип, жаратылыш дүйнөсүн Кудай жарат­кан, тарых дүйнөсүн – адам жараткан, экөө тең илимий изилденүүгө жатарын белгилеген. «Тарыхый айлампа» теориясын иштеп чыккан. Бул кон­цепцияга ылайык бардык элдер, улуттар өз өнүгүүсүндө өзүнчө бир циклдешкен үч улуу доорду басып өтөт: 1) к у д а й л а р доорун (мамлекеттик эмес абал, кечилдерге баш ийүү заманын); 2) б а а т ы р л а р доорун (аксөөктүк мамлекет­тер заманын); 3) а д а м д а р доорун (демо­кратиялуу өлкөнү же өкүлдүк монархия зама­нын). Ар бир тарыхый доор өз өнүгүшүнүн эң жогорку баскычына жеткенден кийин кулайт, улуу кыйроолорго учурап, эң алгачкы абалына келет ж-а өз өнүгүүсүн кайра башынан баш­тайт. Тарыхта адамдардын жаратмандык иш­мердигине, коомдук өнүгүүнүн жүрүшүндөгү ро­луна орчундуу маани берип келип, алардын баа­рын Кудайдын кудурети м-н байланыштырган. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
03:54, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИ́КО (Vico) Жамбаттиста (23.6.1668, Неаполь – 23.1.1744, ошол эле жер) италиялык ойчул, кийинки Жаңы заман тарыхынын философиясын негиздөөчү, азыркы культурологиянын ж-а гуманитардык илимдердин методологиясынын карлыгачы (кабарчысы). Вико коомго, коомдук турмушка ж-а көрүнүштөргө карата башкача көз караш м-н, жалаң илимий ыкма м-н изилдөөгө алганда, коомдук-социалдык илимдердин илимий корутундуларынын аныктыгы, тактыгы да табият илимдериндей эле деңгээлде экенин далилдеген. Бирден бир анык илим деп математиканы атаган Декарт м-н ушул темада талашып келип, жаратылыш дүйнөсүн Кудай жараткан, тарых дүйнөсүн – адам жараткан, экөө тең илимий изилденүүгө жатарын белгилеген. «Тарыхый айлампа» теориясын иштеп чыккан. Бул концепцияга ылайык бардык элдер, улуттар өз өнүгүүсүндө өзүнчө бир циклдешкен үч улуу доорду басып өтөт: 1) к у д а й л а р доорун (мамлекеттик эмес абал, кечилдерге баш ийүү заманын); 2) б а а т ы р л а р доорун (аксөөктүк мамлекеттер заманын); 3) а д а м д а р доорун (демократиялуу өлкөнү же өкүлдүк монархия заманын). Ар бир тарыхый доор өз өнүгүшүнүн эң жогорку баскычына жеткенден кийин кулайт, улуу кыйроолорго учурап, эң алгачкы абалына келет ж-а өз өнүгүүсүн кайра башынан баштайт. Тарыхта адамдардын жаратмандык ишмердигине, коомдук өнүгүүнүн жүрүшүндөгү ролуна орчундуу маани берип келип, алардын баарын Кудайдын кудурети м-н байланыштырган.